- Подробности
16.01.24
Стамбулда Түркмөнстандын Түркиядагы Башкы консулу Мухамметнур Овезов менен Стабул шаарынын мэри Давуд Гүлдүн 15-январь күнү жолугушуусу болуп өттү. Көрүшмө учурунда, эки өлкөнүн Аркадаг жана Стамбул шаарларынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүү жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
- Подробности
15.01.24
Түркмөнстан жана Өзбекстан эки өлкөнүн аймагы аркылуу эл аралык товар ташуучулар үчүн виза алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча, өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна кол коюуну тездетүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, ишемби күнү “Turkmenawtoulaglary” агенттиги билдирди.
- Подробности
20.12.23
2023-жылдын 11 айында, Түркмөнстандын деңиз соода жолу аркылуу ташылган контейнерлердин санын дээрлик 4 эсеге жогорулап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 277,3% пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу, “Деңиз соода флоту” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
07.12.23
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 6-декабрь күнү, Түркиянын экспорттук товарларынын жана кызматтарынын көргөзмөсү ачылды. Иш-чаранын жүрүшүндө, Түркиялык “Ренессанс” курулуш компаниясынын бизнести өнүктүрүү департаментинин директору Ахмет Сонмез, компаниянын Түркмөнстан менен өнөктөштүктү кеңейтүү пландары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу “CentralAsia.news” маалымат порталы билдирди.
- Подробности
06.12.23
Ашхабад шаарында 6-декабрь күнү, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Түркиянын вице-президенти, Экономикалык кызматташтык боюнча “Түркмөнстан-Түркия” өкмөттөр аралык комиссиясынын Түркия тарапбынан төрагасы Жевдет Йылмазды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө, өз ара инвестиция маселелери талкууланды.
- Подробности
07.12.23
Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз 6-декабрда Ашхабатта өткөн “Түркмөнстан-Түркия” бизнес форумунун алкагында, Түркмөнстан жаратылыш газын жана электр энергиясын дүйнөлүк рынокко чыгарууда, Түркия мамлекети көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат агенттигинин Түркмөнстандагы кабарчысы билдирди.
- Подробности
06.12.23
Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Экспо борборунда 6-декабрда, Түркиянын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Ачылыш аземине катышкандар, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун жолдогон куттуктоосун угушту.
- Подробности
01.12.23
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында, үстүбүздөгү жылдын 6-8-декабрында өтө турган экспорттук товарларга арналган жарманкесине, Түркиянын түрдүү тармактарда иш алып барган 100 жакын фирмаларынын катышуусу күтүлүүдө.
- Подробности
24.11.23
Бейшемби күнү Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын, Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин жана Түркиянын Соода министрлигинин өкүлдөрү онлайн аркылуу үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.
- Подробности
24.11.23
Ашхабадда 27-28-ноябрда өкмөттөр аралык Түркмөнстан-Азербайжан комиссиясынын кезектеги жыйыны жана биргелешкен бизнес-форум өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу, Түркмөнстандын “Алтын Асыр” телеканалы билдирди.