04.02.25

Түркмөнстан жана Казакстан  ортолорунда ташылган товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу алдын ала маалымат алмашуу боюнча техникалык шарттарга кол коюшту. Документ 2025-жылдын 1-февралында бекитилди. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

05.02.25

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын вице-премьер-министри Нокергулы Атагулыев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылга карата соода-экономикалык кызматташуунун жыйынтыгын чыгарып, мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

25.01.25

Каспий деңизинин боюндагы “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз порту “Кыргызстан–Өзбекстан–Түркмөнстан–Азербайжан–Европа Биримдиги” транспорттук коридорунун бир бөлүгү болуп эсептелет жана ал азыр толук кандуу иштеп жатат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Министрлер Кабинети алдында иш алып барган, Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

26.12.24

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында “Кытай – Казакстан – Түркмөнстан – Иран” (ККТИ) маршруту боюнча жүк ташуулардын көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Казакстандын транспорт-логистикалык “KTZ Express” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

21.12.24

2024-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,075 миллиард  долларын түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

16.12.24

Түркия ноябрь айында, Кыргызстанга $88,4 млн сомдук товарларды экспорттогон. Бул тууралуу, Түркиянын Экспортчулар кеңешинин (TİM) маалыматтарында айтылат.

06.12.24

Түркмөн элинин Улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов 5-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Тараптар Түркмөнстандан Өзбекстанга жаратылыш газын жеткирүү көлөмүн көбөйтүү жөнүндө макулдашышты. Бул тууралуу “Түркмөнстан: Алтын доор” маалымат агенттиги билдирди.

04.12.24

Түркиянын экспорттук товарлар көргөзмөсү шаршемби күнү Ашхабаддагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын Экспо борборунда ачылды. Бул окуяга байланыштуу, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.

04.12.24

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нокергулы Атагулыев Ашхабадда өтүп жаткан, Түркиянын экспорттук продукцияларынын 11-көргөзмөсүнүн алкагында, Түркиянын Соода министри Өмер Болат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда, Түркиянын компаниялары тарабынан подряддык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды. Бул тууралуу, Өмер Болат өзүнүн социалдык тармактарындагы билдирүүсүндө маалымдады.

04.12.24

“Түрк инвестициялык фонду” Транс-Каспий эл аралык транспорттук маршрутун (Ортоңку коридор) өнүктүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу фонддун президенти Багдат Амреев 27-ноябрда Ашхабад шаарында БУУнун Туруктуу транспорт боюнча министрлер деңгээлиндеги жолугушуусу учурунда билдирди.