04.12.24

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нокергулы Атагулыев Ашхабадда өтүп жаткан, Түркиянын экспорттук продукцияларынын 11-көргөзмөсүнүн алкагында, Түркиянын Соода министри Өмер Болат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда, Түркиянын компаниялары тарабынан подряддык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды. Бул тууралуу, Өмер Болат өзүнүн социалдык тармактарындагы билдирүүсүндө маалымдады.

04.12.24

“Түрк инвестициялык фонду” Транс-Каспий эл аралык транспорттук маршрутун (Ортоңку коридор) өнүктүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу фонддун президенти Багдат Амреев 27-ноябрда Ашхабад шаарында БУУнун Туруктуу транспорт боюнча министрлер деңгээлиндеги жолугушуусу учурунда билдирди.

25.11.24

Стамбулда 23-ноябрь күнү болуп өткө Энергетика форумунун алкагында,    “Türkmengaz” мамлекеттик концернинин төрагасы, Түркиянын Энергетика министри Алпарслан Байрактар менен жолугушту. Жолугушууда Түркиянын мамлекеттик “BOTAS” жана “TPAO” компанияларынын Түркмөнстандын мунай-газ кендериндеги биргелешкен долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

23.11.24

5-6-декабрь күндөрү Ашхабад шаарында өтө турган, Түркиянын экспорттук товарларынын ири соода көргөзмөсүнө 70 ашуун түркиялык компаниялар катышат. Бул тууралуу, жума күнү өткөн Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында, Соода жана текстиль тармагы боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Нокергулы Атагулыев билдирди.

21.11.24

Түркмөнстандын Түркмөнабат шаарында эки өлкөнүн өкүлдөрүн эки тараптуу экономикалык жана маданий байланышты кеңейтүү үчүн бириктирген “II Түркмөнстан-Өзбекстан” аймактык форумунун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында, өзбек товарларынын улуттук көргөзмөсү жана ар кайсы тармактардагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган тематикалык конференциялар уюштурулду.

23.10.24

Түркмөнстан жана Түркия Түркиянын Эл аралык автотранспортчулар ассоциациясы (UND) жана Түркмөнстандын транспорт жана логистикалык борборунун (TULM) ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн алкагында, айдоочулар үчүн виза төлөмдөрүн азайтуу маселесин талкуулашты.

04.10.24

3-октябрда Ашхабадда “Арчабил” мейманканасында транспорттук өткөөлдөрдүн Транскаспий координациялык платформасын ишке киргизүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйын болду.

14.09.24

Бизнес жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну стимулдаштыруу максатында, Түркмөнстан менен Кыргызстан биргелешкен өнүктүрүү инвестициялык фондун түзүү, “Түркмөнстан” бизнес борборун жана Кыргызстанда курорттук-рекреациялык объекттини куруу долбоорун ишке ашырууну  активдештирүү боюнча макулдашышты.

21.09.24

Түркмөнстандын Өзбекстанга болгон экспортту 2024-жылдын январь айынан августь айына чейин былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80% пайыздан ашык көбөйгөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттиги билдирди.

13.09.24

 “Түркмөнгаз” мамлекеттик концерни жана Казакстандын Энергетика министрлиги газ тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумга кол коюшту.