29.05.24

Казакстандын Мангыстау облусунун акими Нурдаулет Килыбай менен Түркиянын Актау шаарындагы башкы консулу Сабри Алптекин соода-экономикалык жана маданий-социалдык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу, акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

28.05.24

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түркмөнстан менен Казакстан жаңы газ кендеринде биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул тууралуу, Казакстандын Вице-премьер-министри жана Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуудан кийин билдиргендигин  “Казинформ” маалымат  агенттиги билдирди.

24.05.24

Казакстандын Актау шаарында автоунааларды ташуу боюнча, Казакстан жана Кытайдын биргелешкен комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Ошентип, тарыхта биринчи жолу “Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия” маршруту боюнча “Курык” жана “Баку” деңиз порттору аркылуу товарды алгачкы жолу транзиттик автожол менен ташуу ишке ашырылып баштады. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

21.05.24

Түркиянын Стамбул шаарында Түрк инвестициялык фондуна мүчө өлкөлөрдүн башкаруу кеңешинин биринчи инаугурациялык жыйыны болуп өттү. Казакстандын Кеңештеги өкүлү болуп вице-премьер-министр улуттук экономика министри Нурлан Байбазаров дайындалганын  “primeminister.kz” маалымат булагы билдирди.

20.05.24

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркиянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Акорданын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушууда Казакстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.

16.05.24

Казакстанда иштеп жаткан Азербайжан компанияларынын саны 2024-жылдын май айына карата алганда 18,4% пайызга көбөйгөн.

15.05.24

Казакстандын Мажилиси (парламенти) “Казакстандын өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин ортосунда региондо өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана анын ишин жөнгө салуу жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун кабыл алышты.

07.05.24

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 6-май күнү, Түркия менен  Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы жүктөрдү эл аралык  ташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу мыйзамга кол койду.

02.05.24

Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан энергетикалык системаларды бириктирүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

25.04.24

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов иш сапары менен Анкарага барды. Өкмөт башчысы Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен өз ара пайдалуу өнөктөштүк, анын ичинде транзит жана транспорт, айыл чарба, өндүрүш, санариптештирүү жана туризм сыяктуу келечектүү тармактарда кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөт башчысынын басма сөз кызматы билдирди.