17.12.24

2024-жылдын алгачкы 11 айында Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту (Ортоңку коридор) аркылуу жүктөрдү ташуу көлөмү 63% пайызга өсүп, 4,1 миллион тоннаны түздү.

13.12.24

Казакстандын Энергетика министрлиги кайра жаралуучу энергия булактары (ЖЭБ) жаатында маанилүү окуяларга жана олуттуу жетишкендиктерге бай болгон жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы жана стратегиялык келишимдердин түзүлүшү, Казакстандын эл аралык энергетика тармагындагы позициясын бекемдеп жатат, деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы.

10.12.24

Казакстандын Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев мамлекет ичинде Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия жана Каспий жээгиндеги чек араларда, транспорттук-логистикалык жана соода борборлору курулуп жаткандыгын өкмөт жыйынында билдирди. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалыматы борбору жазып чыкты.

03.12.24

Казакстандын Түркестан шаарында лифт өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Түркестан облусунун акими Дархан Сатыбалды Түркиялык “EsVilla Prefabik Hafif Çelik Yapı Sistemleri Ltd. Şti.” компаниясынын башкы директору Ибрагим Туйлу менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Аталган маалыматты “Kapital.kz” маалыматы билдирди.

04.12.24

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү тогуз айдын ичинде 1,2 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирди.

03.12.24

2024-жылдын 1-3-декабрь күндөрү, Бишкекте Казакстандын Экспортчуларынын соода-экономикалык көрүшмөсү болуп өттү. Бул иш-чара, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги, “QazTrade” жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен уюштурулганын “Primeminister.kz” маалымат кызматы кабарлады.

21.11.24

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапарынын алкагында, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өлкө лидеринин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди көрсөттү.

21.11.24

Казакстандын Айыл чарба министрлиги, “Kazakh Invest” жана Венгриянын “UBM Group” компаниясы, Казакстанда аралаш тоют жана премикс өндүрүшү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үч тараптуу алкактык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу “Ак Ордо” маалымат кызматы  билдирди.

21.11.24

“Казакстан Темир Жолу” компаниясы, Венгриянын “L.A.C. Holding” жана Кытайдын “Xi'an Free Trade Port Construction and Operation Co., Ltd” компаниялары транспорт жана логистика жаатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

14.11.24

COP 29 Дүйнөлүк Климат Саммитинин алкагында, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ортосунда, жашыл энергияны өндүрүү жана экспорттоо боюнча стратегиялык өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюшту.