- Подробности
28.03.23
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27-март күнү Инвестиция, экспорт жана эл аралык кызматташуу боюнча жыйын өткөрдү. Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөнүн экспортту эки эсеге өскөнүн билдирди. Бул тууралуу, Өзбекстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.03.23
Өзбекстан 58 микро гидроэлектростанциялары (ГЭС) курулушуна жеке инвестицияларды тартуу менен энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы потенциалын жогорулатат. Бул тууралуу, өзбекстандык “UPL24” маалымат порталы билдирди.
- Подробности
01.03.23
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бакуга болгон иш сапары учурунда, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.
- Подробности
27.02.23
Өзбекстан жана Азербайжандын биргелешкен аймактар аралык форуму 24-февраль күнү, Ташкент шаарында болуп өттү. Көрүшмө учурунда, катышуучулар эки тараптуу сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү талкуулашты. Бул тууралуу, “CentralAsia.News” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
26.02.23
Ташкент шаарында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жана Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэл Темиралиевдин 25-февраль күнү жолугушуусу болуп өттү.
- Подробности
16.02.23
Өзбекстандын “UzAuto Motors” улуттук автоконцерни “Chevrolet Onix” маркасындагы автомобилдерин сериялык чыгарууну баштады. Өндүрүүчү жылдын аягына чейин “Chevrolet Onixтин” автоунаасынын тетиктеринин 70% пайызын өлкө ичинде өндүрүүнү убада кылууда.
- Подробности
13.02.23
Өзбекстандын Транспорт министринин орун басары Абдусамат Муминов 13-февраль күнү, Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында “Азербайжан темир жолу” жабык акционердик коомунун (ЖАК) төрагасы Ровшан Рустамов менен жолугушту.
- Подробности
10.02.23
Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов 2023-жылдын 9-февраль күнү, Өзбекстанда иш сапары менен жүргөн Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто менен жолугушту.
- Подробности
08.02.23
Ташкент шаарында энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) ишке киргизүүгө 1 миллиард доллар бөлүү пландалып жатканын, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.
- Подробности
08.02.23
Өзбекстандын Айыл чарба министри Азиз Воитов Ташкент облусунун акимчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте 8-февраль күнү, Венгриянын “Bonofarm Group” компаниясынын аткаруучу директору Аттила Чани баштаган делегациясына канаттуулар фабрикасын куруу үчүн жер тилкелерин көргөзүштү.