11.03.26

11-март күнү Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Түркиянын “Anadolu Group” холдингинин автоунаа багыты боюнча төрагасы Бора Кочак менен жолугушуу өткөрдү.

14.03.26

13-март күнү Ташкент шаарында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратовдун төрагалыгы алдында Түркиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен тегерек стол жыйыны болуп өттү. Иш-чарага 20дан ашуун түрк компанияларынын өкүлдөрү катышты.

12.03.26

2026-жылдын февраль айында Өзбекстан жаңылануучу жашыл энергия булактарынан электр энергиясын өндүрүү боюнча рекорд койду. Күн жана шамал электр станцияларынын жалпы өндүрүшү 815 миллион киловатт-саатка жетип, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 203% пайызга көп болду. “Podrobno.uz маалымат кызматынын билдиришинче, мындай кескин өсүш жаңы шамалдан жанан күндөн энергия алган станциялардын ишке киргизилиши жана иштеп жаткан станциялардын натыйжалуулугунун жогорулашы менен камсыздалды.

12.03.26

2026-жылдын 12-мартында Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын кеңешчиси Алишер Шайхов Түркиянын Экспортчулар ассамблеясынын (TİM) делегациясы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Делегацияны глобалдык бизнести өнүктүрүү боюнча менеджер Өзкан Алтунташ жетектеди.

10.03.26

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперациясын активдүү өнүктүрүп жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн экономикалары көп жагынан бири-бирин толуктап турат. Ошондуктан эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарынын бири — биргелешкен өндүрүш долбоорлорун өнүктүрүү болуп саналат.

07.03.26

Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинде Түркиянын “Limak Holding” компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүлөргө министрликтин жооптуу кызматкерлери, “Өзбекгидроэнерго” компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле “Limak Holding” компаниясынын жетекчилери  “Limak İnşaat” компаниясынын директору Мутлу Угур Акчай, “Limak İnşaat” компаниясынын долбоорлор боюнча директору Фатих Тоноглу жана “Dolsar Engineering” компаниясынын долбоорлор боюнча директору Дурсун Өзсарач катышты.

05.03.26

Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин өкүлдөрү менен Түркиянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышкан жумушчу топтун кезектеги жыйыны 3-мартта видеоконференция форматында болуп өттү. Жолугушууда инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

02.03.26

Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы “SOCAR” Өзбекстандын “Бухара” мунайды кайра иштетүүчү заводунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоорго катышууну пландап жатат. Бул тууралуу “Өзбекнефтегаз”  компаниясынын  маалымат кызматы билдирди.

19.02.26

Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигинин директору Сохибжон Муродов Түркиянын “Anadolu Group” холдингине караштуу “Anadolu Isuzu”, “Anadolu Efes” жана “Coca-Cola İçecek Uzbekistan” компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

16.02.26

Өзбекстанда 2026-жылдын 1-февралына карата Азербайжан капиталынын катышуусу менен 368 ишкана катталганын Улуттук статистика комитети маалымдады. Алардын ичинен 63 ишкана биргелешкен ишкана түрүндө иштесе, 305 толугу менен Азербайжандык инвесторлорго таандык.