- Подробности
15.11.24
Өзбекстандын жана Түркиянын компаниялары тери иштетүү жана бут кийим тигүү тармагында кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө. “AYSAF-2024” көргөзмөсүнүн алкагында сүйлөшүүлөр өтүп, Түркиядан ири инвестиция тартууга мүмкүнчүлүктөр каралууда.
- Подробности
12.11.24
Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) “Masdar” компаниясынын өкүлү, Өзбекстанда шамал электр станциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу келишимине кол коюшту. Электр станциянын кубаттуулугу 1000 (МВт) болот. Ал Навои облусунун Учкудук районунда курулат. Бул тууралуу, Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
12.11.24
Өзбекстан Каспий деңизинин аркылуу товар экспортун кеңейтүүнү пландап, контейнердик ташууларды активдүү өнүктүрүп жатат. Бул тууралуу, “Дунё” агенттиги билдирди.
- Подробности
23.10.24
Өзбекстанда 2024-жылдын аягына чейин 2017-жылдан бери тартылган чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 100 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө. Мындай божомол президент Шавкат Мирзиёев жетектеген Локализация, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана экономикага чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өткөрүлгөн жыйында айтылды. Бул тууралуу, президенттин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
22.10.24
Өзбекстандын Зангиата облусунда “Technologies of real time” Өзбекстан-Сингапур ишканасы BYD, Chery, Changan, Geely жана Dongfeng сыяктуу ири автоунаа бренддерине тетиктерди чыгара баштайт. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
21.10.24
2024-жылдын башынан бери, Өзбекстандын күн жана шамал электр станциялары 4 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүргөнүн өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.
- Подробности
21.10.24
Өзбекстандык вентиляция жана кондиционер өнөр жай жабдууларын өндүргөн “Jihozvent” компаниясы, Түркмөнстандын рыногуна кирүүнү пландап жатканын жекшембиде компаниянын башкы эл аралык соода адиси Шерзод Саидов билдирди. Бул тууралуу, “Trend” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
21.10.24
Өзбекстандын Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Илч Норкулов жана Түркиянын Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү уюмунун (KOSGEB) президенти Ахмет Сердар Ибрахимчиоглунун жолугушуусу болуп өттү.
- Подробности
15.10.24
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14-октябрда Ташкент облусунда 2 миллиард долларлык 9 инвестициялык долбоорду ишке киргизди. Алардын арасында технопарк, текстилдик өнөр жай паркы, төрт ГЭС, эки энергия сактоочу система жана күн электр станциясы бар. Бул тууралуу, “Spot” басылмасы Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
- Подробности
14.10. 24
Ташкент облусу борбор шаарга жакын жайгашкандыктан өлкөнүн өрөөндөрү менен эл аралык жолдорду бири-бири менен байланыштырган хаб катары эбегейсиз экономикалык потенциалга ээ. Акыркы жети жылда аймакка дээрлик 9,4 миллиард доллар инвестиция тартылып, 143 миңден ашык жумуш орундары түзүлүп, 5 миллиард доллар экспорттук мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.