22.12.24

22-декабрдан 25-декабрга чейин Казакстандын Актау шаарында “Made in Uzbekistan” жарманкеси өтүп жатат.

19.12.24

Ташкент облусунда инновациялык фармацевтика кластерин түзүү боюнча ири долбоор ишке ашырылууда. 18-декабрда президент Шавкат Мирзиёев 2020-жылы башталган курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу, Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

18.12.24

Ташкент облусунда “Sea Breeze Uzbekistan” аттуу ири эл аралык туристтик борбор куруу пландалууда. Президент Шавкат Мирзиёевге тааныштырылган бул долбоор Чарвак суу сактагычынын жээгинде Азербайжандык ишкер Эмин Агаларов баштаган инвесторлор тобу тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

18.12.24

2024-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин, Өзбекстанга 2 миллион 123,3 миң кыргызстандык жарандар зыярат кылган. Бул көрсөткүч өткөн айга салыштырмалуу 244,8 миң адамга көп экенин, Өзбекстандын президентинин алдындагы Статистика агенттиги билдирди.

14.12.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркиянын “Aksa Enerji”  компаниясынын  төрагасы Жемил Казанджи менен энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрдү.

16.12.24

2024-жылдын 1-декабрына карата, Өзбекстанда кыргызстандык капиталдын катышуусу менен 300 компания иштеп жатат. Бул маалымат Өзбекстандын Статистика агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

14.12.24

Өзбекстандын Фармацевтикалык продукциянын коопсуздук борборунун директорунун орун басары Нозим Бердиев баштаган делегациясы, фармацевтикалык рынокту жөнгө салуу тармагындагы Венгриянын тажрыйбасын изилдөө максатында, Венгрияда иш сапары менен болуп кайтты.

06.12.24

Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Даврон Вахабов   6-декабрт күнү, Түркиянын алдынкы компаниялары “Güral Porselen” жана “Porland Porselen” өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

05.12.24

Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин биринчи орун басары Ильхом Норкулов Түркиялык “Hisarciklioglu Group”   консорциумунун башкармалыгынын мүчөсү Эмин Хисарджыклыоглу баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү.

06.12.2024

Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери 6-декабрда  телефондук  сүйлөшүү учурунда, энергетика жана транспорт тармактарындагы ири аймактык инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Үстүбүздөгү декабрь айында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулуш долбоорунун ишке кириши пландалууда деп билдирет Өзбекстан президентинин маалымат кызматы.