- Подробности
01.11.24
Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алибек Куантиров 31-октябрь күнү Астанадагы чет өлкөлүк маалымат каражаттары үчүн өткөн брифингде: “Алдыбызда турган негизги милдет алдыдагы 3 жыл ичинде, Каспий деңизи аркылуу өткөн “Орто коридор” боюнча ташылып жаткан жүктүн көлөмүн 10 миллион тоннага жеткирүү”, - деп билдирди.
- Подробности
10.25.24
Казакстандын Коргоо министри, генерал-полковник Руслан Жакшылыков “Baykar Defence” компаниясынын башкы директору Халук Байрактар менен Казакстанда тактикалык учкучсуз учактарды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу, 24-октябрда Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
22.10.24
Самарканд шаарында “Аймактар аралык кызматташтык” форумунун алкагында, Казакстан жана Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынды. Форумга Казакстандан жетимишке жакын экспорт тармагында иштеген бизнес өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.
- Подробности
10.10.24
Казакстанда курулган биринчи деңиздеги сүзүүчү бургулоочу “Satti” апараты Каспий деңизинин Түркмөнстанга тиешелүү аймагында “Челекен” кенинде бургулоо иштерин баштайт. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук мунай-газ компаниясы “КазМунайГаз” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
10.10.24
Казакстандык “QazaqGaz” компаниясы менен Түркмөнстандын “Түркмөнгаз” мамлекеттик концерни газ өндүрүү, ташуу жана импорттоо тармагында кызматташат. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.
- Подробности
05.10.24
Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев жана Түштүк Кореянын “LX Pantos Co., Ltd” транспорттук-логистикалык компаниясынын жетекчиси Ли Ён Хо Казакстан аркылуу Европага жана кайра артка контейнердик товар ташууларды өнүктүрүү боюнча кызматташууну талкуулашты.
КАЗАКСТАНДЫН “INTERFOOD” СУПЕРМАРКЕТТЕР ТАРМАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР
- Подробности
04.10.24
Казакстандын “Interfood” компаниясы Кыргызстандын өндүрүшчүлөрү менен келишим түзүүгө даяр. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
21.09.24
Кытайдын Сиань шаарынан Европага, Транскаспий эл аралык транспорт жолу (ТЭАТЖ) боюнча контейнердик поезд жөнөтүлдү. Маршрут Алтынкөл, Актау, Баку, Поти, Бургас, Белград аркылуу өтүп, андан ары Гамбург, Будапешт шаарына чейин барат. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянуу менен билдирди.
- Подробности
18.09.24
Казакстан жана Кыргызстандын чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат. Буга чейин эки өлкөнүн өкмөттөрү керектүү келишимге кол коюшкан. Президент Касым-Жомарт Токаев 18-сентябрь күнү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
- Подробности
13.09.24
Казакстандын Сенатынын депутаттары “Түрк мамлекеттери уюмуна” (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ортосунда, жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоону жактырды. Бул тууралу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.