22.10.25

Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы “SOCAR” Казакстандагы “Дунга” мунай-газ долбоорунун катышуучусу болушу мүмкүн. Азыркы тапта коммерциялык сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын Казакстандын Энергетика министри Ерлан Аккенженов билдирди.

21.10.25

Казакстан жана Азербайжандын ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйыны, Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында болуп өттү. Күн тартибине транспорт, логистика, санариптештирүү, отун-энергетика комплекси, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. Бул тууралуу , “Акордо” басма сөз кызматы билдирди.

14.10.25

Казакстан жана Азербайжан “жашыл энергетика”, атомдук энергия жана санарип технологиялар тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министри жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча Бакуда өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын 21-жыйынында биргелешкен комиссиянын тең төрагасы Нурлан Сауранбаев билдирди. Бул тууралуу “Vesti.az” агенттиги маалымдады.

15.10.25

Шанхай шаарында өткөн азык-түлүк өнөр жайы боюнча кызматташтык конференциясында, Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жана Түркиянын Айыл чарба министри Ибрахим Юмаклы эки өлкө ортосундагы агрардык тармагынын жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалымат борборунун кабарчысы министрликтин басма сөз кызматына таянып билдирди.

08.10.25

2025-жылдын январь–август айларынын аралыгында, Казакстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 3 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,5% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция боюнча вице-министри Айдар Абылдабеков менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешабаевдин жолугушуусунда маалым болду. Бул тууралуу «Kapital.kz” маалымат кызматы  билдирди.

07.10.25

Казакстандын президенти Садыр Жапаровго Түрк мамлекеттер уюмундагы(ТМУ) төрагалыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Түрк мамлекеттери биргелешип аракет кылууга тийиш. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) XII саммитиндеги сөзүндө билдирди.

02.10.25

“Баку – Тбилиси – Жейхан” маршруту аркылуу транзит боюнча келишимге жетишилгенден бери 3,4 миллион тонна казакстандын мунайы ташылды. Бул тууралуу  “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору билдирди.

05.09.25

Казакстандык инвесторлор Түркмөнстандын экономикасына 16,1 миллион доллар салганын Сенат жыйынында сенатор Сергей Ершов билдирди. Бул тууралуу бейшемби күнү “Казинформ” агенттиги жазды.

01.09.25

Түркиялык инвесторлор Казакстанда суу үнөмдөөчү технологияларды өндүрүшкө киргизүүнү пландап жатышат. Сөз тамчылатып жана жаан-чачын түрүндө сугаруучу системалар тууралуу болууда. Заводду Кызылордо облусунда куруу пландалууда. Азыр Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, деп билдирди Казакстандын Суу ресурстары министрлиги.

24.07.25

Түркстан облусунда Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгынын алкагында «Борбор Азия» өндүрүштүк кызматташтык борборунун курулушу башталды. Бул борбор эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары үчүн негизги платформа болот. Объект Казакстандын Мактаарал районунда, «Атамекен» бажы бекетинин жанында жайгашкан.