- Подробности
01.04.25
Түркиялык “Çalik Holding” компаниясы Казакстандын экономикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен компаниянын башкармалыгынын төрагасы Ахмет Чалык мырзанын жолугушуусунда белгилүү болду. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борборунун кабарчысы аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
- Подробности
07.03.25
Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында, өзбек тарап кошумча төрт соода коридорун ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу, “Kazinform” агенттиги билдирди.
- Подробности
04.03.25
Индиядан Казакстанга биринчи контейнердик поезд жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору, “Қазақстан темір жолы” улуттук компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен билдирди.
- Подробности
23.02.25
Жамбыл облусунун делегациясы аким Ербол Карашукеевдин жетекчилиги астында, Түркиянын Мерсин провинциясына болгон жумушчу сапарынын алкагында, “Казакстан-Түркия” инвестициялык форумуна катышып, түркиялык компаниялар менен “B2G” форматында жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу 2025-жылдын 23-февраль күнү Жамбыл облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
17.02.25
Астанада Казакстандын Энергетика министри Алмасадам Саткалиев менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жолугушту.
- Подробности
11.02.25
2025-жылдын 11-февралында Караганды облусунун акими Ермаганбет Булекпаев Венгриянын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Отто Рона менен жолугушту. Тараптар Saran индустриялык аймагында премиум класстагы тоют жана премикс өндүрүүчү заводдун курулушун талкуулашты. Бул тууралуу Kapital.kz бизнес маалымат борбору облус акимдигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
- Подробности
29.01.25
“КазМунайГаз” (КМГ) улуттук компаниясынын туунду компаниясы “Казмортрансфлот” (КМТФ) кемелери Актау-Баку каттамы боюнча 20 фут эквивалентинде (TEU) 51,4 миң контейнерди ташыды.
- Подробности
27.01.25
Шымкент шаарында 650 миллион долларлык ири күнөскана комплекси курулат. Бул долбоорду каржылоо толугу менен Түркиянын “Alarko Holding” компаниясына жүктөлгөнүн, Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
- Подробности
24.01.25
Казакстанда Зайсан, Катон-Карагай жана Кендирли курорттук аймактарында үч жаңы аэропорттун курулуш долбоорлору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
18.01.25
Казакстандын Түркестан облусунда беш ири ишкананы өзбекстандык компания ишке киргизет. Долбоордун жалпы баасы 21 миллиард тенгени (39,6 миллион доллар) түзөт. Жыйынтыгында 2 миңден ашуун жумуш орундарын түзүү пландалууда.












