- Подробности
17.01.25
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев иш сапары менен Будапештке барган учурда, Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
18.01.25
Алматы шаарында, Кыргызстандын соода үйүн ачуу жана кыргыз ишкерлерине арналган бизнес-клуб түзүү пландалууда. Бул тууралуу 15-январда, Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Женишбек Асанкуловдун Алматы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
- Подробности
18.01.25
Будапешт шаарында өткөн “III Кыргызстан-Венгрия” агрофоруму алкагында, Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
11.01.25
2025-жылдын 10-январында Кыргызстандын Экономика министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков жана Кыргызстандын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев менен жолугушту.
- Подробности
20.12.24
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында башталат. Бул тууралуу, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.
- Подробности
17.12.24
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын жаңы элчиси Саидикрам Ниязходжаевден ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде, эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Жолугушуу 17-декабрда Бишкекте болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
13.12.24
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Айыл чарба министри Бакыт Торобаев Венгриянын “UMWELT KFT” компаниясынын өкүлдөрү менен видеоконференция өткөрдү.
- Подробности
12.12.24
Кыргызстан быйыл 2024-жылдын башынан бери алтын сатуудан $1 миллиард доллардан ашык киреше тапты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
09.12.24
Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Анкаранын кургатылган кофе жана кургак жемиштер палатасынын төрагасы Айтач Севимли жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
09.12.2024
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында, Кыргызстан Түркияда жана коңшу өлкөлөрдө соода миссиясын өткөрүүнү пландап жатат. Бул чечим Түркиядагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү менен “Кыргызэкспорттун” ортосунда кызматташуу боюнча өткөрүлгөн видеоконференциянын алкагында кабыл алынды. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.












