- Подробности
14.02.24
“Кыргызcтан-Түркия” өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында, эки өлкөнүн ортосундагы “Эл аралык автожол каттамы жөнүндө” келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу, Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
12.02.24
Анкарада 9-февраль күнү өткөн Кыргыз-Түрк бизнес-форумуна Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы-Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Түркиянын Палаталар жана Биржалар ассоциациясынын президенти Рифат Хисаржиколу жана эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышты.
- Подробности
11.02.24
Түркиялык “Battal Holding” компаниясы, Бишкек шаарында фармацевтикалык завод курууну пландоодо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары учурунда белгилүү болду. Кыргызстандын өкмөтү Түркиялык инвесторлорго жер берүүгө даяр экенин билдирди.
- Подробности
09.02.24.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
- Подробности
09.02.24.
Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү.
- Подробности
01.02.24
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыга болгон иш сапарынын алкагында, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
01.02.24
Кыргызстан “Транскаспий” эл аралык транспорт коридорун (Орто коридор) Кыргызстан менен Кытайдан Европа өлкөлөрүнө автомобиль жана темир жол транспорту үчүн колдонууну пландаштырууда.
- Подробности
29.01.24
Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылдын аягында 14,6% пайызга өсүп, 1 миллиард 232 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте иш сапары менен жүргөн Казакстандык кесиптеши Мурат Нуртлеу менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.
- Подробности
24.01.24
Кыргызстандын Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ 2023-жылдын 24-январь күнү боорду алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча билим жана практикалык тажрыйба алуу үчүн Түркияга үч айлык стажировкага жөнөп кетишти.
- Подробности
12.01.24
Кыргызстан жана Казакстан биргелешкен соода комплексин курат. Бул боюнча, эки өлкөнүн чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү долбоорун ишке ашыруу үчүн жол картасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим 12-январда Бишкекте өткөн, Кыргызстандын Экономика министрлигинин Казакстандан келген делегация менен болгон жумушчу жолугушуусунда кабыл алынды.