- Подробности
17.10.24
Түрк инвестициялык фонду 2025-жылдын январь айынан тарта Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдө ири биргелешкен долбоорлорду каржылай баштайт. Бул тууралуу, Стамбулда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк соода жана өнөр жай палаталарынын форумунун алкагында өткөн, Түрк мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын жыйынында айтылды. Бул тууралуу, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
16.10.24
Кыргызстандын Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
16.10.24
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Пакистанга келерки жылы товар жүгүртүүнү 100 миллион долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады. Бул демилгени ал Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен жолугушууда учурунда көтөрдү.
- Подробности
09.10.24
Түркиянын “Baykar Technology” компаниясынын техникалык директору, Сельчук Байрактар, Бишкекте 9-10-октябрда өтүп жаткан, Түрк мамлекеттеринин жасалма интелект боюнча форумуна катышты.
- Подробности
09.10.24
Кыргызстандын президенти, Садыр Жапаров 9-октябрь күнү “Baykar Technology” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды.
- Подробности
07.10.24
Кыргызстандын туроператорлору ушул жылдын 23-ноябрында өтө турган 29-Ташкент эл аралык туристтик жарманкеге (TITF-2024) катышууга чакыруу жолдомосун алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбекстан Республикасынын Экология, айлана чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү министрлигинин Туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
07.10.24
“Билим Бишкек” долбоорун ишке ашыруу үчүн реконструкцияланып жаткан имарат студенттерди кабыл алууга даяр. Бул тууралуу “Кыргызпатент” билдирди.
- Подробности
24.09.24
Бишкек шаарынын “Манас” эл аралык аэропортунда 24-сентябрда, Кыргызстандын туристтик потенциалын таанытуу максатында келген, белгилүү Түркиялык блогерлер менен салтанаттуу жолугушуу иш чарасы болуп өттү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
23.09.24
Бишкекте Кыргызстандын жана Венгрия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Петер Сияртонун төрагалыгы алдында “Кыргызстан-Венгрия” стратегиялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
23.09.24
Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча саммити 2024-жылдын 9-10-октябрында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу, Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.












