03.04.26

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баку шаарында “Түрк мамлекеттер уюму” (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышуу учурунда, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

14.03.26

Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу Мерсин соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги жана кургак азык-түлүктөрдүн ири экспорттоочулары менен Кыргызстандагы буурчакты жеткирүүнү кеңейтүү максатында бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

26.02.26

Түркиянын “Akplas Plastik Sanayi ve Ticaret A.Ş.” компаниясы кыргызстандын Чүй облусунун аймагында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу жабдууларын өндүрүүчү завод курууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

13.02.25

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарына расмий сапар менен келген Казакстандын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

20.02.26

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 20-февралда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кайра жаралуучу жашыл энергия тармагындагы ири долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

12.02.26

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жана Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов 11-февралда Стамбул шаарында жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

11.02.26

10-февралда Анкарада Кыргызстандын жана Түркиянын парламенттеринин төрагалары басма сөз жыйынын өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү пландары бар экенин билдиришти.

10.02.26

2026-жылдын 10-февралында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун кабыл алды. Нурланбек Тургунбек уулунун Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында өткөн жолугушууда, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташууну тереңдетүүнүн негизги багыттары талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

22.01.26

Кыргызстандын Экономика министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Бакай Акбаралиев 21-январда “Узчармсаноат” ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар булгаары жана бут кийим өнөр жайындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

14.01.26

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 2026-жылдын 14-январь күнү, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен инвестиция тартуу жана мамлекеттик визиттерди уюштуруу пландарын талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.