05.09.23

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Алматы облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, ата мекендик аскердик өнөр жайы өндүрүшү менен алектенген компаниялардын продукцияларынын бет ачар иш чарасына катышты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

02.09.23

Азербайжандын Мамлекеттик статистика комитетинин 2023-жылдын 31-августь күнү бөлүшкөн маалыматына караганда, Азербайжандын Түркмөнстандан жаратылыш газ импорту ушул жылдын январь-июнь айларында, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге өскөн.

01.09.23

Президент Садыр Жапаров 30-августь күнү,  Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган, Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

04.09.23

Өзбекстанда 296 мунай жана газ кени бар, алардын жалпы көлөмү 1,85 триллион куб метрге жетет.

04.09.23

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев парламенттин жаңы мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш аземинде салттуу кайрылуусун жасады.

30.06.23.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

22.06.23

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун Азербайжанга болгон расмий иш сапарынын алкагында, ал өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу,  “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

20.06.23

Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасында 2023-жылдын 15-17-июнь күндөрү,  Кыргызстан жана Түркмөнстандын ишкерлеринин жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

19.06.23

2022-жылы Казакстанга 1 миллионго жакын чет элдик турист келсе, 2023-жылы бул көрсөткүч 1,4 миллион кишиге чейин көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу, өкмөттүн жыйынында Казакстандын Маданият жана спорт министри Асхат Оралов билдирди.

16.06.23

Түркиянын “Ташяпы” компаниясы жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT)   Казакстанда курууну  пландоодо. Анын жүрүү багыты “Каскелен - Есик - Талгар - Алматы - Узынагаш” шаарларын бириктирмекчи.