11.02.24

Түркиялык “Battal Holding” компаниясы, Бишкек шаарында фармацевтикалык завод курууну пландоодо.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары учурунда белгилүү болду. Кыргызстандын өкмөтү Түркиялык инвесторлорго жер берүүгө даяр экенин билдирди.

09.02.24.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

09.02.24.

Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү.

03.02.24

Азербайжан темир жолу аркылуу 2023-жылы жалпы 18 миллион тонна жана 7 миллион тоннага жакын транзиттик жүк ташылган.

05.02.24

Казакстандын Өкмөтү экономикасынын багытын чийки заттык сырье өндүрүүдөн  кошумча наркы жогору болгон тармактарга багыттоо боюнча чараларды ишке ашырууну улантууда.

05.02.24

Казакстан эки жылдын ичинде, Транскаспий багыты боюнча мунай жеткирүү көлөмүн 3 миллион тоннага жеткирүүнү көздөп жатат. “Report” маалымат агенттиги “Интерфакска” шилтеме берүү менен билдиргендей, бул тууралуу казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

05.02.24

Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү акыркы жылдары беш эседен ашык өсүп, 2023-жылы 1 миллиард 94 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчиси Акмолжон Кучкаров Ашхабаддагы брифингде билдирди, деп жазат “SNG.Today” маалымат басылмасы.

01.02.24

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыга болгон иш сапарынын алкагында, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

02.02.24

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген өкмөттүк делегация, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши жана санарип форумуна катышуу үчүн Казакстандын Алматыга шаарына келди.

02.02.24

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов бейшемби күнү Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда, энергетика жана жарандык авиация тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу, “Anadoly”  маалымат агенттиги билдирди.