- Подробности
17.06.23
Стамбул шаарында 2023-жылдын 15-16-июнь күндөрү жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында, Өзбекстан жана Түркиянын авиациялык администрацияларынын ортосунда консультациялык көрүшмө уюштурулду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
15.06.23
Өзбекстан 2030-жылга чейин 1 миллион даанага чейин автоунаа чыгарууну пландоодо. Өзбекстан автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө 1 миллиард доллар инвестиция салат.
- Подробности
13.06.23
Түркиянын “Ostim” компаниясынын башкы директору Адем Арижи баштаган бир катар Түркиялык компаниялардын өкүлдөрү Өзбекстандын Бухара облусунда болушту.
- Подробности
09.06.23
Эки өлкөнүн “Карасу” жана “Ак тилек” өткөрүү бекеттеринин жанына, жаңы соода-логистикалык борбору курулат. Кыргызстан жана Казакстан өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Кол коюу иш чарасы, Астана шаарында өтүп жаткан Эл аралык “Астана” форумунун алкагында өттү.
- Подробности
10.06.23
“Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинде болуп, бир катар маселелерди, анын ичинде жаңы текстиль фабрикасынын жабдууларын чек арадан өткөрүү тартибин талкуулашты.
- Подробности
09.06.23
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 8-июнь күнү өлкөгө расмий визит менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды кабыл алды. Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир нече документтерге кол коюлду.
- Подробности
06.06.2023
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июнда Чаткалда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын директорлор кеңешининин башчысы Шереф Женгиз баштаган өкүлдөрү менен жолукту.
- Подробности
19.05.23
Кытайда мамлекеттик сапар менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-май күнү аралыктан символикалык баскычты басып, 15 жаңы өндүрүш объектисин ишке киргизди. Бул тууралуу, мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.05.23
Түркмөнстан жана Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылы 72% пайызга өсүп, болжол менен 438 миллион долларга жетти. Бул тууралуу, Казакстандын Экономика министринин биринчи орун басары Роман Скляр 15-майда Астана шаарында болуп өткөн, Экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча “Казакстан-Түркмөнстан” өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-отурумунун жыйыны учурунда билдирди.
- Подробности
23.05.23
Түркмөнстанда 2023-жылдын март айына карата, Казакстандык компаниялардын катышуусу менен 53 даана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу “Нейтральный Туркменистан” гезити маалымдады.