- Подробности
05.11.24.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
- Подробности
05.11.24.
Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
- Подробности
01.11.24
Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алибек Куантиров 31-октябрь күнү Астанадагы чет өлкөлүк маалымат каражаттары үчүн өткөн брифингде: “Алдыбызда турган негизги милдет алдыдагы 3 жыл ичинде, Каспий деңизи аркылуу өткөн “Орто коридор” боюнча ташылып жаткан жүктүн көлөмүн 10 миллион тоннага жеткирүү”, - деп билдирди.
- Подробности
10.25.24
Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду, президенттин орун басарлары жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте Өзбекстандагы эң ири автотранспорт көргөзмөлөрүнүн бири “Automechanika Tashkent 2024” көргөзмөсүндө болушту.
- Подробности
10.25.24
Казакстандын Коргоо министри, генерал-полковник Руслан Жакшылыков “Baykar Defence” компаниясынын башкы директору Халук Байрактар менен Казакстанда тактикалык учкучсуз учактарды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу, 24-октябрда Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
23.10.24
Өзбекстанда 2024-жылдын аягына чейин 2017-жылдан бери тартылган чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 100 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө. Мындай божомол президент Шавкат Мирзиёев жетектеген Локализация, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана экономикага чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өткөрүлгөн жыйында айтылды. Бул тууралуу, президенттин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
23.10.24
Түркмөнстан жана Түркия Түркиянын Эл аралык автотранспортчулар ассоциациясы (UND) жана Түркмөнстандын транспорт жана логистикалык борборунун (TULM) ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн алкагында, айдоочулар үчүн виза төлөмдөрүн азайтуу маселесин талкуулашты.
- Подробности
22.10.24
Өзбекстандын Зангиата облусунда “Technologies of real time” Өзбекстан-Сингапур ишканасы BYD, Chery, Changan, Geely жана Dongfeng сыяктуу ири автоунаа бренддерине тетиктерди чыгара баштайт. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
22.10.24
Самарканд шаарында “Аймактар аралык кызматташтык” форумунун алкагында, Казакстан жана Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынды. Форумга Казакстандан жетимишке жакын экспорт тармагында иштеген бизнес өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.
- Подробности
21.10.24
2024-жылдын башынан бери, Өзбекстандын күн жана шамал электр станциялары 4 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүргөнүн өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.