- Подробности
13.06.26
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тарыхый Тersane-i Amire кеме куруу жайында өткөн, Түркиянын Жасалма интеллект саммитинде өлкөнүн кийинки беш жылдык өнүгүүсүнө багыт бере турган «2026–2030-жылдарга карата Түркиянын Жасалма интеллект боюнча көз карашы жана иш-аракеттер планы» менен коомчулукту тааныштырды.
- Подробности
16.06.26
Казакстандын борбору Астана шаарында Түрк академиясы менен Түрк тил коому (TDK) тарабынан биргелешип уюштурулган Ортоқ түрк алфавити боюнча комиссиянын 4-жыйыны ийгиликтүү аяктады. Жыйында сентябрь айында Бакуда кабыл алынган 34 тамгадан турган Ортоқ түрк алфавитин иш жүзүнө ашырууну камсыздай турган «Колдонмо боюнча нускама» жана мүчө өлкөлөрдүн алфавиттик варианттары бекитилди.
- Подробности
16.06.26
Түркиянын Хатай провинциясында өзбек-түрк достугун чыңдоого жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын символдорун түбөлүккө калтырууга арналган иш-чаралар өттү. Салтанаттын алкагында «Өзбекистон» махалласындагы турак жай комплексинин объектилерине Өзбекстан менен Түркиянын бир туугандык мамилелерин чагылдырган аталыштар ыйгарылды.
- Подробности
10.06.26
Кыргызстандын Ысык-Көлүнүн түндүк жээгинде эл аралык деңгээлдеги жаңы курорттук комплекс жана беш жылдыздуу мейманкана курулат. Бул тууралуу 9-июнда Бишкекте өткөн салтанаттуу иш-чарада белгилүү болду.
- Подробности
12.06.26
Түркиянын Денизли шаарында өткөн “Түркмөнстан-Түркия” бизнес форумуна, Түркиянын 100 ашуун компанияларынын жетекчилери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, анда Түркмөнстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул тууралуу бейшемби күнү Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлады.
- Подробности
13.06.26
1995–2025-жылдар аралыгында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара инвестициялардын көлөмү дээрлик 40 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу Азербайжандын Экономика министринин орун басары Самед Баширли Азербайжандын Шуша шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин атаандаштык боюнча форумунда билдирди.
- Подробности
15.06.26
Казакстан ири минералдык-чийки зат базасына ээ. Өлкөнүн мамлекеттик балансында жалпы запасы 2 369 тоннаны түзгөн 374 алтын кени катталган. Өткөн жылы гана мамлекеттик эсепке алтындын болжол менен 98 тонна запасы бар беш жаңы кен коюлган.
- Подробности
Акыркы күндөрү айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында “Манас” университетинин уруксатсыз жатакана куруу иши токтотулду” деген мазмундагы маалыматтар жана бул маселе боюнча коомчулуктун түрдүү пикирлери жарыяланып жаткандыктан, коомчулукка так маалымат берүү максатында төмөнкүдөй билдирүү жасоо муктаждыгы жаралды.
- Подробности
10.06.26
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коргонуу тармагындагы соңку өнүгүүлөрдү талкуулоо максатында Коргоо министри Шухрат Холмухамедов жана аскердик жетекчилер менен жолугушту. Жолугушууда абадан коргонуу системасы, чек ара коопсуздугу жана аба күчтөрүн модернизациялоо маселелери каралды.
- Подробности
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан университеттин кампус аймагынан жол өткөрүү боюнча аракеттер улантылып, бул маселе коомчулукта талкууланууда. Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары кампустун ичинен жол өткөрүүгө багытталган аракеттерге каршы экенибизди ачыкча билдиребиз.












