19.09.25

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Түрк ишкер форумунда сүйлөгөн Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев, 2022–2025-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстандын экономикасына 1 миллиард 449 миллион доллар өлчөмүндө түз инвестиция тартылганын билдирди.

18.09.25

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев “Кыргыз-Түрк” бизнес-форумунда эки өлкөнүн ортосундагы бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кыйла өсүп жатканын билдирди.

17.09.25.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда расмий сапар менен өлкөгө келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмазды кабыл алды. Тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, өзгөчө көңүлдү саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга, банк секторун өнүктүрүүгө жана инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө бурушту.

16.09.25

Кыргызстан жана Казакстандын “Кыргызаэронавигация” жана “Казаэронавигация” мамлекеттик ишканалары Алматы – Каракол шаарлары багыты боюнча Санташ ашуусу аркылуу жаңы аба трассасын ачуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация”  мамлекеттик компаниясынын басма сөз кызматы  билдирди.

15.09.25

Азербайжандын Шуша шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн Камсыздандыруу биримдигинин биринчи Ассамблеясында түрк мамлекеттеринин камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү жекшемби күнү биргелешкен Прокламацияга кол коюшту.

16.09.25

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Шандор менен жолугушту. Бул тууралуу, Соода-өнөр жай  палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

13.09.25

2025-жылдын январь–август айларында, Түркмөнстан жана Казакстандын “Баку–Тбилиси–Жейхан”  кууру аркылуу өткөн транзиттик мунайынын көлөмү 2,887 миллион тоннаны түздү.

11.09.2025

Үч күнгө созулган иш-чарага, Казакстандын Азербайжандагы элчиси Алим Байел, Куба шаарынын депутаты Алибала Магаррамзаде, Азербайжан Мамлекеттик туризм агенттигинин өкүлдөрү, жарандык коом өкүлдөрү жана эки өлкөдөн 56 туристтик компания катышты.

03.09.25

Азербайжан жана Венгриянын энергетикалык өнөктөштүгүн чыңдоодо: энергетика боюнча жумушчу топтун 5-жыйыны онлайн-форматта болуп өттү. Бул тууралуу “Vesti.az” агенттиги  кабарлады.

10.09.25

Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров экологиялык жактан таза жүргүнчү транспортун чыгаруучу, Казакстандын алдыңкы   “Falcon Euro Bus” компаниясынын жетекчиси Мурат Адилхонов менен жолугушуу өткөрдү.