- Подробности
21.12.2025
Венгрия Кыргызстанда иш алып барган венгриялык компанияларды колдоо максатында “Венгрия–Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун капиталын 45 миллион долларга чейин көбөйтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстандын делегациясынын Венгрияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев менен болгон жолугушууда билдирди.
- Подробности
22.12.25
Казакстандын Алматы облусунун делегациясы, Түркиянын Конья шаарында жайгашкан “Eti Bakır A.Ş.” компаниясынын жезди кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Казакстандан келген делегация мүчөлөрүнүн негизги максаты, Түркиялык ишкананын өнөр жай потенциалы менен таанышып, металлургия өндүрүшү тармагындагы тажрыйбасы менен жакындан таанышуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Алматы облусунун басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
18.12.25
Стамбул шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугунун колдоосу менен “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын жетекчилиги менен Түркиянын “Turkish Airlines” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Билал Экши ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
- Подробности
16.12.25
Өзбекстандын “Узтемирйулконтейнер” компаниясы 2025-жылы өлкө президентинин темир жол тармагын трансформациялоо боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, Өзбекстандан Европанын өлкөлөрүнө Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” порту аркылуу туруктуу контейнердик ташууларды ийгиликтүү уюштурду.
- Подробности
12.12.25
Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев 10-декабрда иш сапары менен Стамбул шаарына барып, Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин бешинчи жыйынына катышты.
- Подробности
15.12.25
Казакстан Түркмөнстан менен мамлекеттик чек арасында жайгашкан жаңыртылган “Темир-баба” автотранспорттук өткөрмө бекети, ошондой эле Өзбекстан менен чек арасындагы “Казыгурт” бекети пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жума күнү Казакстандын Премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
15.12.25
Учурда Түркмөнстанда Түркиянын компанияларынын катышуусу менен жалпы суммасы болжол менен 10 миллиард долларын түзгөн 19 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ашхабадга болгон сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып, Түркмөнстандын туруктуу бейтараптуулугунун 30 жылдыгына арналган Эл аралык тынчтык жана ишеним форумуна катышкандан кийин билдирди.
- Подробности
10.12.25
Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) Энергетика министрлер кеңешинин 5-жыйыны Түркиянын төрагалыгы алдында өткөрүлдү. Жыйында мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосунда энергетика тармагындагы учурдагы кызматташтык жана келечектеги биргелешкен долбоорлор талкууланды.
- Подробности
12.12.25
Кыргызстан жана Түркиянын Энергетика министрлери Стамбул шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты кеңейтүү жана ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги маалымат берди.
- Подробности
12.12.25
Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Ашхабад шаарында өткөн, Түркмөнстандын туруктуу бейтараптуулугунун 30 жылдыгына жана Эл аралык бейтараптык күнүнө арналган эл аралык форумдагы сөзүндө, эгемендүүлүк жылдарында динамикалуу өнүгүүгө жетишкен Түркмөнстандын жетишкендиктерин жогору баалады.












