- Подробности
13.01.26
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы Түркиядагы İTOB OSB уюштурган өнөр жай зонасына барып, ишкердик байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргызстандын өнөр жай зоналарын өнүктүрүүдө Түркиянын тажрыйбасын колдонуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
12.01.25
8-январь күнү Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Түркиянын Түркмөнстандагы элчиси Ахмет Демирок менен жолугушуу өткөрүштү. Тараптар миграция тармагындагы Түркмөнстан жана Түркиянын кызматташтыгынын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышып, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын белгилешти.
- Подробности
08.01.26
Быйыл Казакстан Түрк тилдүү мамлекеттердин Соода-өнөр жай палаталары бирлигине төрагалык кылууда. Бул тууралуу Астанада өткөн уюмдун III Башкы ассамблеясынын жыйынында маалымдалды. 2019-жылдан бери бирликке Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстан мүчө болуп саналат. Астанадагы жыйында Венгриянын расмий мүчөлүгү да тастыкталды.
- Подробности
09.01.26
2026-жылдын 9-январында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Түркиялык “Anadolu Isuzu” компаниясынын башкы директору Юсуф Тугрул Арикан менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
- Подробности
24.12.25
2026-жылдын январь айынын башында Азербайжандын “SOCAR Turkiye Enerji AS” (STEAS — Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясынын туунду түзүмү) компаниясы, Түркияда этилен, полиэтилен жана полипропилен (полиолефиндер) өндүрүүчү “Front-End Engineering Design, FEED” (STEAS) аттуу жаңы компания түзүү боюнча маалымат таратты. Жаңы түзүлгөн компанияга жалпы 7 миллиард доллар акча каражаты коротулат. Бул тууралуу “Vesti.az” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
23.12.25
2025-жылдын январь–ноябрь айларында, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү $1,064 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин отчетунда айтылат.
- Подробности
23.12.25
Түркиянын экспорттук товарларынын көргөзмөсү 2026-жылдын 10–12-февралында Түркмөнстндын Ашхабад шаарында өтөт. Бул тууралуу Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
- Подробности
23.12.25
Түркиянын компаниялары, Карабахты калыбына келтирүүгө жалпы суммасы 5 миллиард доллардан ашык акча каражатына бааланган долбоорлорду ишке ашырып, олуттуу салым кошушту. Бул тууралуу Түркиянын Соода министри Өмөр Болат Бакуда өткөн II Азербайжан–Түркия инвестициялык форумунда сүйлөп жатып билдирди.
- Подробности
23.12.2025
Бакуда Азербайжан–Түркиянын 2-инвестициялык форумы өттү. Иш-чара Түркия–Азербайжан ишкерлер жана өнөр жайчылар бирлиги (TÜİB) менен Азербайжандын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги (AZPROMO) тарабынан биргелешип уюштурулуп, Азербайжандын Экономика министрлиги жана Түркиянын Соода министрлиги тарабынан колдоого алынды.
- Подробности
22.12.25
Өзбекстан менен Түркиянын энергетикалык кызматташуусу реформалардын жүрүшүндө жана жеке инвестицияларды тартуунун алкагында активдүү өнүгүп жатат. Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов билдиргендей, түрк компаниялары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун ишке ашырууда өлкөнүн алгачкы өнөктөштөрүнүн бири болуп, айрыкча электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү тармактарында активдүү катышууда.












