- Подробности
09.03.26
Стамбул шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынынын алкагында 7-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
03.03.26
Азербайжан 2032-жылга чейин альтернативдүү булактардан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн 6–8 гигаваттка (ГВт) жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев билдирди.
- Подробности
07.03.26
Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинде Түркиянын “Limak Holding” компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүлөргө министрликтин жооптуу кызматкерлери, “Өзбекгидроэнерго” компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле “Limak Holding” компаниясынын жетекчилери “Limak İnşaat” компаниясынын директору Мутлу Угур Акчай, “Limak İnşaat” компаниясынын долбоорлор боюнча директору Фатих Тоноглу жана “Dolsar Engineering” компаниясынын долбоорлор боюнча директору Дурсун Өзсарач катышты.
- Подробности
05.03.26
Түркмөнстандын Лебап облусунун акими Дурды Генжиев Өзбекстандын элчиси Равшанбек Алимов менен жолугуп, Өзбекстандын Бухара облусу менен Түркмөнстандын Лебап облусунун ортосунда “Алат–Фараб” чек ара соода аймагын түзүү маселесин талкуулашты.
- Подробности
05.03.26
Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин өкүлдөрү менен Түркиянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышкан жумушчу топтун кезектеги жыйыны 3-мартта видеоконференция форматында болуп өттү. Жолугушууда инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.
- Подробности
02.03.26
Түркиянын “VTK Global Investments and Trading” компаниясы Казакстандын Акмола облусунда маалыматтарды иштетүү борборлорунун (ЦОД) кампусун жана кайра жаралуучу энергия объектилерин курууга 1,5 млрд доллар инвестиция салат.
- Подробности
02.03.26
Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы “SOCAR” Өзбекстандын “Бухара” мунайды кайра иштетүүчү заводунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоорго катышууну пландап жатат. Бул тууралуу “Өзбекнефтегаз” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
02.03.26
Казакстан жана Өзбекстандын демилгеси менен космостук жана индустриялык туризмди өнүктүрүүгө багытталган жаңы биргелешкен туристтик маршрутту ишке киргизүү маселеси иштелип чыгууда.
- Подробности
02.03.26
Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мерген Гурдов жана Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчиси Равшанбек Алимов эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.Көрүшмө учурунда тараптар, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жеке ишкерлеринин өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды активдештирүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу жекшемби күнү “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
28.02.26
Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Гурбанов жума күнү Баку шаарында Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.












