14.05.26

Режеп Таййип Эрдоган Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Түркия–Казакстан бизнес форумунун жабылуу жыйынына катышып, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканын билдирди. Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда тараптар бир катар стратегиялык маселелерди талкуулап, 13 документке кол коюшту.

14.05.26

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Түркиянын ири энергетикалык “RHOFA Enerji” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады. Бишкек шаарында өткөн жолугушууда, Кыргызстанда курулушу пландалып жаткан күн электр станциялары жана энергетика тармагындагы эки тараптуу стратегиялык кызматташтык маселелери каралды.

13.05.26

Шейшемби күнү Баку эл аралык деңиз соода портунда, Түркмөнстанда жасалган алгачкы “Gadamly” аттуу жүк ташуучу кемесин тосуп алуу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Жүк көтөрүмдүүлүгү 6,100 тоннаны түзгөн жүк ташуучу кеме 240 даана жыйырма футтук контейнерди ташууга ылайыкталган. Бул тууралуу Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдиришти.

13.05.26

Шавкат Мирзиёев 13-майда Азербайжандын “SOCAR” компаниясынын президенти Ровшан Наджаф жана “British Petroleum” өкүлдөрү Ариэль Флорес менен Джованни Кристофоли менен жолугушуу өткөрдү. Делегация Ташкентке “Энергетикалык жумалык Өзбекстан – 2026” форумуна катышуу үчүн келген.

06.05.26

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде куруу пландалып жаткан “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

06.05.26

Азербайжанга иш сапары менен барган Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов “AzerSun Holding” компаниясынын өкүлдөрү Тахир Гөзел жана Саваш Өзжан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана инвестицияларды тартуунун келечегин талкуулашты.

07.05.26

Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов Бакуда Азербайжандын Айыл чарба министри Межнун Мамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу агрардык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө арналды.

24.04.26

Анкарада Түркия менен Өзбекстандын ортосунда туризм, диний жана маданий тармактардагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөр өттү. Жолугушуулар эки өлкөнүн көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында уюштурулду.

07.04.26

Түрк мамлекеттеринин жалпы тышкы соода көлөмү жылына $1,2 тириллион долларга жетти. Ал эми алардын ортосундагы өз ара соода көлөмү болжол менен $57 миллиард доллар деп бааланууда.

26.04.26

2026-жылдын 22–24-апрелинде Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жетектеген делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.