- Подробности
17.11.24
Кыргызстандын туристтик компаниялары, Түркиядагы жыл сайын өтүүчү туризм тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири болгон “TravelEXPO Ankara” көргөзмөсүнө катышууда. Бул иш-чара 14-ноябрда башталып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, көргөзмө 17-ноябрга чейин уланат.
- Подробности
19.11.24
“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун (ААК) башкы директору Алтынбек Рысбеков кабелдик продукция жана электр жабдууларын өндүргөн бир катар Азербайжандын заводдорунун ишмердүүлүгү менен таанышып келди. Бул тууралуу, аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
18.11.24
Кыргызстан менен Азербайжандын энергетика министрликтери энергетика тармагында кызматташтык боюнча жол картасына кол коюшту. Бул документке, Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Азербайжан Энергетика министри Парвиз Шахбазов кол койгонун Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
- Подробности
15.11.24
Өзбекстандын жана Түркиянын компаниялары тери иштетүү жана бут кийим тигүү тармагында кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө. “AYSAF-2024” көргөзмөсүнүн алкагында сүйлөшүүлөр өтүп, Түркиядан ири инвестиция тартууга мүмкүнчүлүктөр каралууда.
- Подробности
12.11.24
Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) “Masdar” компаниясынын өкүлү, Өзбекстанда шамал электр станциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу келишимине кол коюшту. Электр станциянын кубаттуулугу 1000 (МВт) болот. Ал Навои облусунун Учкудук районунда курулат. Бул тууралуу, Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
16.11.24
“Алматы-Түркстан-Ташкент-Алматы” багыты боюнча биринчи туристтик поезд 16-ноябрда Казакстандан Өзбекстанга жөнөп кетти.
- Подробности
14.11.24
2024-жылдын үч кварталынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан Түркиядан дээрлик $1 миллиард долларга жакын товар импорттоду. Бул маалыматты Түркиянын Статистика институту жарыялады.
- Подробности
13.11.24
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылдын 13-ноябрында, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, транспорт жана коммуникациялар агенттигинин директору Мамметхан Чакыев менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
- Подробности
12.11.24
“Азербайжан-Казакстан” инвестициялык фонду жашыл долбоорлорду каржылоого артыкчылык бермекчи. Бул тууралуу, Казакстандын Вице-премьер-министри Нурлан Байбазаров Баку шаарында журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
- Подробности
12.11.24
Анкара Түркмөнстан газын Азербайжан аймагы аркылуу, Түркияга экспорттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Газдын жеткирүү көлөмү жылына 2 миллиард куб метрге жетиши мүмкүн.












