- Подробности
06.12.24
Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Даврон Вахабов 6-декабрт күнү, Түркиянын алдынкы компаниялары “Güral Porselen” жана “Porland Porselen” өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
- Подробности
05.12.24
Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин биринчи орун басары Ильхом Норкулов Түркиялык “Hisarciklioglu Group” консорциумунун башкармалыгынын мүчөсү Эмин Хисарджыклыоглу баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү.
- Подробности
06.12.2024
Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери 6-декабрда телефондук сүйлөшүү учурунда, энергетика жана транспорт тармактарындагы ири аймактык инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Үстүбүздөгү декабрь айында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулуш долбоорунун ишке кириши пландалууда деп билдирет Өзбекстан президентинин маалымат кызматы.
- Подробности
09.12.2024
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында, Кыргызстан Түркияда жана коңшу өлкөлөрдө соода миссиясын өткөрүүнү пландап жатат. Бул чечим Түркиядагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү менен “Кыргызэкспорттун” ортосунда кызматташуу боюнча өткөрүлгөн видеоконференциянын алкагында кабыл алынды. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
06.12.24
Түркмөн элинин Улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов 5-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Тараптар Түркмөнстандан Өзбекстанга жаратылыш газын жеткирүү көлөмүн көбөйтүү жөнүндө макулдашышты. Бул тууралуу “Түркмөнстан: Алтын доор” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
03.12.24
Казакстандын Түркестан шаарында лифт өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Түркестан облусунун акими Дархан Сатыбалды Түркиялык “EsVilla Prefabik Hafif Çelik Yapı Sistemleri Ltd. Şti.” компаниясынын башкы директору Ибрагим Туйлу менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Аталган маалыматты “Kapital.kz” маалыматы билдирди.
- Подробности
04.12.24
Түркиянын экспорттук товарлар көргөзмөсү шаршемби күнү Ашхабаддагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын Экспо борборунда ачылды. Бул окуяга байланыштуу, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.
- Подробности
04.12.24
Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нокергулы Атагулыев Ашхабадда өтүп жаткан, Түркиянын экспорттук продукцияларынын 11-көргөзмөсүнүн алкагында, Түркиянын Соода министри Өмер Болат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда, Түркиянын компаниялары тарабынан подряддык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды. Бул тууралуу, Өмер Болат өзүнүн социалдык тармактарындагы билдирүүсүндө маалымдады.
- Подробности
04.12.24
Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү тогуз айдын ичинде 1,2 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирди.
- Подробности
04.12.24
“Түрк инвестициялык фонду” Транс-Каспий эл аралык транспорттук маршрутун (Ортоңку коридор) өнүктүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу фонддун президенти Багдат Амреев 27-ноябрда Ашхабад шаарында БУУнун Туруктуу транспорт боюнча министрлер деңгээлиндеги жолугушуусу учурунда билдирди.












