23.12.24

Түркиянын “YDA” жана “ASFAT” компаниялары Каспий деңизиндеги Курык портуна жакын жерде кеме заводун курууну пландап жатышат. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев билдирди.

21.12.24

2024-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,075 миллиард  долларын түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

23.12.24

Түркиялык компаниялары “YDA”, “Turkish Technic” жана “ASFAT” Казакстандын Актау аэропортунун аймагында учактарды техникалык тейлөө жана оңдоо борборун курууну пландап жатышат. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев “Kapital.kz” бизнес маалымат борборунун кабарчысына билдирди.

22.12.24

22-декабрдан 25-декабрга чейин Казакстандын Актау шаарында “Made in Uzbekistan” жарманкеси өтүп жатат.

23.12.24

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жалпы картасы жана түрк дүйнөсүнүн картасы даярдалууда. “TRT Haber” агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин Башкы картография башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Осман Альп билдирди.

19.12.24

Ташкент облусунда инновациялык фармацевтика кластерин түзүү боюнча ири долбоор ишке ашырылууда. 18-декабрда президент Шавкат Мирзиёев 2020-жылы башталган курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу, Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

18.12.24

Ташкент облусунда “Sea Breeze Uzbekistan” аттуу ири эл аралык туристтик борбор куруу пландалууда. Президент Шавкат Мирзиёевге тааныштырылган бул долбоор Чарвак суу сактагычынын жээгинде Азербайжандык ишкер Эмин Агаларов баштаган инвесторлор тобу тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

18.12.24

2024-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин, Өзбекстанга 2 миллион 123,3 миң кыргызстандык жарандар зыярат кылган. Бул көрсөткүч өткөн айга салыштырмалуу 244,8 миң адамга көп экенин, Өзбекстандын президентинин алдындагы Статистика агенттиги билдирди.

14.12.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркиянын “Aksa Enerji”  компаниясынын  төрагасы Жемил Казанджи менен энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрдү.

17.12.24

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын жаңы элчиси Саидикрам Ниязходжаевден ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде, эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Жолугушуу 17-декабрда Бишкекте болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.