15.09.24

Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министринин орун басары Акрам Алиев Түркиянын “BALKANSIAD” ассоциациясынын төрагасы Фатих Шариф баштаган түрк ишкерлеринин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Көрүшмөгө Түркиянын алдыңкы 18 фирмаларынын өкүлдөрү катышты.

13.09.24

Казакстандын Сенатынын депутаттары “Түрк мамлекеттери уюмуна” (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ортосунда, жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоону жактырды. Бул тууралу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.

12.09.24

Ысык-Көл районунун Көк-Мойнок айылында Кыргызстандагы алгачкы шамал электр станциясынын курулушунун башталышы катары капсула салуу аземи болуп өттү.

10.09.24

Казакстанда жакында “Zoomlion” бренди менен тракторлор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору Өнөр жай жана курулуш министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

10.09.24

Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бул максатка жетүү боюнча иш багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу, Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

06.09.24

Казакстандагы ички туристтердин саны 3,5 миллион адамга жетти. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалымат кызматы билдирди. Расмий статистикага ылайык, 2024-жылдын январь айынан июнь айына чейин өлкө ичинде 3 миллион 431 миң казакстандык саякаттаган.

06.09.24

“Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридору долбоору тышкы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, экспортту диверсификациялоого жана  ага катышкан өлкөлөрдүн, анын ичинде Түркмөнстандын экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Бул тууралуу “CentralAsia.news” маалымат кызматынын кабарчысы билдирди.

05.09.24

Үстүбүздөгү жылдын 7-9-ноябрь күндөрү Стамбулда өтө турган Түрк соода көргөзмөсүндө Түрк мамлекеттеринин биргелешкен бренддери түзүлөт.

06.10.24

Түркия менен Азербайжан аймактагы күчтүү союздаш. Бул тууралуу, Түркиянын Соода министри Омер Болат “Report” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

05.09.24

4-сентябрда Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин жетекчилиги, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары  жана Түркиялык “MTA International Mining Inc.” (MTAIC) компаниясынын башкаруу кеңешинин төрөгасы Беррат Чөнкардын ортосунда жолугушуу болуп өттү.