- Подробности
22.08.25
Түркмөнстандын Улуттук туристтик зонасы “Авазанын” Конгресс-борборунда 2025-жылдын 22-август Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы, Түркмөн элинин Улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
- Подробности
28.08.25
Өзбекстанда Каспий деңизи аркылуу товар ташуу үчүн Түркмөнстандан кеме сатып алуу мүмкүнчүлүгү караштырууда.
- Подробности
02.09.25
Түркмөнстандын Түркиядагы элчиси М. Ишанкулиев Тркиянын Эрзурум провинциясынын губернатору Мехмет Секмен менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Көрүшмө учурунда, тараптар экономиканын бардык тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
- Подробности
02.09.25
Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, Түркиядан келген инвесторлор менен жолугушуп, айыл чарба жана туризм тармагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
- Подробности
28.08.2025
Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан туруктуу соода-логистика чынжырларын өнүктүрүүнү жана биргелешкен товар бөлүштүрүүчү борборлордун тармагын түзүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов 22-августта Авазе шаарында өткөн “Түркмөнстан–Азербайжан–Өзбекстан” үч тараптуу жолугушуусу учурунда билдирди.
- Подробности
01.09.25
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленинское айылында жайгашкан “KG TEX” жаңы тигүү фабрикасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
11.08.25
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын "Ихлас Холдинг" энергетикалык компаниясы жалпы суммасы 10 млрд долларды түзгөн 2 ГЭС куруу боюнча жыйынтыктоочу келишимдерге кол коюшту.
- Подробности
01.09.25
Анкара шаарында 27-август күнү Кыргызстан-Түркия соода боюнча жумушчу топтун экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестициялар улуттук агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
01.09.25
Түркиялык инвесторлор Казакстанда суу үнөмдөөчү технологияларды өндүрүшкө киргизүүнү пландап жатышат. Сөз тамчылатып жана жаан-чачын түрүндө сугаруучу системалар тууралуу болууда. Заводду Кызылордо облусунда куруу пландалууда. Азыр Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, деп билдирди Казакстандын Суу ресурстары министрлиги.
- Подробности
24.07.25
Түркстан облусунда Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгынын алкагында «Борбор Азия» өндүрүштүк кызматташтык борборунун курулушу башталды. Бул борбор эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары үчүн негизги платформа болот. Объект Казакстандын Мактаарал районунда, «Атамекен» бажы бекетинин жанында жайгашкан.












