- Подробности
22.01.26
Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жана Түркиялык “Coca-Cola Içecek Kazakhstan” компаниясынын башкы директору Вели Динчель менен биргеликте, Актөбө шаарында завод куруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.01.26
22-январь күнү Анкара шаарында, Түркмөнстандын Түркиядагы элчиси Мекан Ишангулыев Анкаранын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Гюрсел Баран менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар чакан жана орто бизнес субъекттеринин ортосундагы кызматташтыкты жандандыруунун жолдорун, анын ичинде ишкерлердин көргөзмөлөргө жана форумдарга катышуусун, ошондой эле өз ара пайдалуу инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты.
- Подробности
26.01.25
Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин делегациясынын Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында агрардык тармакта маанилүү макулдашууларга жетишилди.
- Подробности
22.01.26
Шаршемби күнү Ашхабад шаарындагы Түркия элчилигинин Маданий борборунда Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул күн ЮНЕСКО тарабынан 2025-жылдын ноябрь айында Самарканд шаарында өткөн Башкы конференцияда белгиленип, жыл сайын 15-декабрда белгиленип келет.
- Подробности
22.01.26
Кыргызстандын Экономика министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Бакай Акбаралиев 21-январда “Узчармсаноат” ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар булгаары жана бут кийим өнөр жайындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
21.01.26
Өзбекстандын Коргоо министри Шухрат Халмухамедов менен Түркиянын Улуттук коргоо министри Яшар Гюлер Анкарада 2026-жылга карата аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын аскердик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
20.01.26
Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстандын делегациясын кабыл алды. Делегациянын курамында Тышкы иштер министри, Ички иштер министри, Коргоо министри жана Өзбекстандын чалгындоо кызматынын жетекчиси болду.
- Подробности
19.01.25
Түркия 2026-жылы Түркмөнстандан жаратылыш газын импорттоону кайра жандандырып, сатып алуу көлөмдөрүн көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар TRT Haber телеканалына берген маегинде билдирген. Бул тууралуу ишемби күнү “Interfax” кызматы маалымдады.
- Подробности
15.01.26
2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, Түркмөнстан Өзбекстанга жасаган импортунун көлөмү боюнча ТОП-10 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.
- Подробности
14.01.26
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 2026-жылдын 14-январь күнү, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен инвестиция тартуу жана мамлекеттик визиттерди уюштуруу пландарын талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.












