02.12.25

Түркиянын түндүк-батышында өлкөдөгү эң ири мультимодалдык жүк темир жол терминалы  “Railport” расмий түрдө ишке кирди. Бул терминал “Баку–Тбилиси–Карс” эл аралык транспорт багытынын негизги звенолорунун бирине жана Азербайжан транзитин Европанын багыттары менен туташтыруучу маанилүү түйүнгө айланды.

07.12.25

“Узбекистон темир йуллари” компаниясы жана “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясы дан жана азык-түлүк жүктөрүн ташуу боюнча темир жол кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашышты.

05.12.25

Азербайжандын туризм статистикасы, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген туристтер агымынын тез өсүп жатканын көрсөтөт. Өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–октябрь айларынын аралыгында 87.800 ашуун Казакстан жараны Азербайжанга турист катары келишкен. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 19,4% пайызга өсүүнү билдирет. Казакстандын туристтери бардык чет өлкөлүк коноктордун 4% пайызын түзгөн.

03.12.25

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Түркиянын Соода министринин орун басары Сезай Учармак 2-декабрда Анкара шаарында жүктөрдүн чек арадан өтүүсүн тездетүү механизмдерин ишке киргизген документтерге кол коюшту.

02.12.25

2026-жылы Түркиялык “Cengiz Holding” холдинги Казакстанда эки кант заводу курууну пландап жатат. Долбоорго 10 жылдын ичинде 500 миллион доллар инвестиция салуу каралууда. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

01.12.25

Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү комитетинин төрагасы Умед Шадиев жана Казакстандын Туризм индустриясы комитетинин төрагасы Нуртас Карипбаев жолугушту. Көрүшмө Ташкент шаарында уюштурулган 30-эл аралык туристтик жарманкесинин алкагында болуп өттү.

26.11.25

Астана жана Ашхабад түркмөн газын Казакстан аймагы аркылуу экспорттоо багыттарын талкуулашты. Негизги максат Кытайга, Иранга жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө газды экспортоо мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу болуп саналат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирди.

27.11.25

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун тапшырмасын аткаруу алкагында Казакстан жана Өзбекстан ортосундагы туризмди жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча иштер күчөтүлдү. Бул тууралуу, “Primeminister.kz” маалымат кызматы билдирди.

26.11.25

Түркия дүйнөдөгү эң ири чечевица импорттоочулардын бири бойдон калууда. 2024-жылы өлкө 141 миң тонна жасмык сатып алган, ал эми 2025-жылдын алгачкы тогуз айында жеткирүүлөрдүн көлөмү 226,8 миң тоннага чейин өсүп чыкты.

25.11.2025

Казакстан жана Түркмөнстан, Темирбаба (Казакстан) – Бекдаш (Түркмөнстан) тилкесинде биргелешкен жер алдындагы оптикалык-була линиясынын курулушу боюнча келишимге келишти. Бул маселе, Түркмөнстандын Байланыш министри Хаджимырат Худайгулыев жана Казакстандын Вице-премьер-министри Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана Вице-министр Досжан Мусалиевдин жолугушуусу учурунда талкууланды.