- Подробности
06.02.25
Ташкент шаарынын хокими Шавкат Умурзаков Өзбекстандагы Түркиянын толук ыйгарым укуктуу элчиси Олган Бекар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары дагы чыңдоонун келечеги талкууланды.
- Подробности
03.02.25
Түркиянын металлургиялык компаниясы “Tosyalı Holding” өз керектөөлөрү үчүн 1,2 ГВт кубаттуулуктагы күн электр станцияларын курууга 1 миллиард долларга жакын каражат бөлүүнү пландаштырууда.
- Подробности
06.02.25
Бакуда өткөн туризм боюнча биргелешкен “Азербайжан-Түркия” жумушчу тобунун 4-жыйынында, эки тараптуу кызматташтык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
- Подробности
08.02.25
Кыргызстан жана Түркия аскердик коргонуу өнөр жайында жана ошондой эле өндүрүлгөн аскердик продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо кызматташат. Кыргызстандын Коргоо министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
- Подробности
05.02.25
4-февралда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан тараптан Түркия менен экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын курамын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу “Түркмөнстан: Алтын доор” электрондук гезити билдирди.
- Подробности
04.02.25
Түркмөнстан жана Казакстан ортолорунда ташылган товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу алдын ала маалымат алмашуу боюнча техникалык шарттарга кол коюшту. Документ 2025-жылдын 1-февралында бекитилди. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
05.02.25
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын вице-премьер-министри Нокергулы Атагулыев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылга карата соода-экономикалык кызматташуунун жыйынтыгын чыгарып, мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
- Подробности
04.02.25
Азербайжан парламенти Казакстан жана Өзбекстан менен “жашыл энергияны өнүктүрүү жана берүү” жаатындагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди биринчи окууда жактырды, деп жазат “Вестник Кавказа” басылмасы.
- Подробности
04.02.25
Кыргызстан жана Өзбекстан эки өлкөнүн жарандарынын жүрүү тартибин жеңилдетүү маселесин талкуулашууда.
- Подробности
03.02.25
Стамбул шаарында, Кыргызстандын Экономика министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков, “Кыргызстандын аэропорттору” ачык акционердик коомунун (ААК) жетекчилиги жана “Түрк аба жолдору” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Болат менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.












