16.09.25

Кыргызстан жана Казакстандын “Кыргызаэронавигация” жана “Казаэронавигация” мамлекеттик ишканалары Алматы – Каракол шаарлары багыты боюнча Санташ ашуусу аркылуу жаңы аба трассасын ачуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация”  мамлекеттик компаниясынын басма сөз кызматы  билдирди.

15.09.25

Азербайжандын Шуша шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн Камсыздандыруу биримдигинин биринчи Ассамблеясында түрк мамлекеттеринин камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү жекшемби күнү биргелешкен Прокламацияга кол коюшту.

16.09.25

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Шандор менен жолугушту. Бул тууралуу, Соода-өнөр жай  палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

13.09.25

2025-жылдын январь–август айларында, Түркмөнстан жана Казакстандын “Баку–Тбилиси–Жейхан”  кууру аркылуу өткөн транзиттик мунайынын көлөмү 2,887 миллион тоннаны түздү.

11.09.2025

Үч күнгө созулган иш-чарага, Казакстандын Азербайжандагы элчиси Алим Байел, Куба шаарынын депутаты Алибала Магаррамзаде, Азербайжан Мамлекеттик туризм агенттигинин өкүлдөрү, жарандык коом өкүлдөрү жана эки өлкөдөн 56 туристтик компания катышты.

03.09.25

Азербайжан жана Венгриянын энергетикалык өнөктөштүгүн чыңдоодо: энергетика боюнча жумушчу топтун 5-жыйыны онлайн-форматта болуп өттү. Бул тууралуу “Vesti.az” агенттиги  кабарлады.

10.09.25

Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров экологиялык жактан таза жүргүнчү транспортун чыгаруучу, Казакстандын алдыңкы   “Falcon Euro Bus” компаниясынын жетекчиси Мурат Адилхонов менен жолугушуу өткөрдү.

10.09.2025

Борбор Азияны, Каспийди, Азербайжан менен Арменияны Түркияга туташтыра турган Зангезур Коридору Орто Коридордун маанилүү бөлүгү катары белгиленип жатат. Бул алкакта август айында “Карс–Ыгдыр–Аралык–Дилучу” темир жолунун пайдубалы түптөлдү.

04.09.25

Измир шаарында IV Азербайжан–Түркия энергетикалык форумы өтүп, анда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдөгү жаңы багыттар жана жетишкендиктер белгиленди.

06.09.25

Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын (парламенти) төрайымы Танзила Нарбаева Венгрия парламентынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны Венгрия Улуттук жыйынынын төрага орун басары Иштван Якаб жетектеди.