19.09.24

“Венгер-кыргыз” фондунун уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу, 19-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын Экономика жана тышкы иштер министри Петер Сиярто менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

18.09.24

Казакстан жана Кыргызстандын чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат. Буга чейин эки өлкөнүн өкмөттөрү керектүү келишимге кол коюшкан. Президент Касым-Жомарт Токаев 18-сентябрь күнү  келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

18.09.24

Азербайжан 2030-жылга чейин кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынан (ВИЭ) 7 (ГВт) өндүрүштүк кубаттуулуктагы энергия алууну пландаштырууда.

18.09.24

Азербайжандын Экономикалык реформаларды талдоо жана коммуникациялар борборунун аткаруучу директору Вусал Гасимлы Өзбекстандын президентинин кеңешчисинин орун басары, Экономикалык изилдөөлөр жана реформалар борборунун директору Обид Хакимов баштаган делегацияны кабыл алды.

13.09.24

 “Түркмөнгаз” мамлекеттик концерни жана Казакстандын Энергетика министрлиги газ тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумга кол коюшту.

09.16.24

Бишкекте 16-сентябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдүн Энергетика министрлери энергетика тармагындагы кызматташуу жана аймактык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну талкуулашты.

15.09.24

Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министринин орун басары Акрам Алиев Түркиянын “BALKANSIAD” ассоциациясынын төрагасы Фатих Шариф баштаган түрк ишкерлеринин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Көрүшмөгө Түркиянын алдыңкы 18 фирмаларынын өкүлдөрү катышты.

13.09.24

Казакстандын Сенатынын депутаттары “Түрк мамлекеттери уюмуна” (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ортосунда, жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоону жактырды. Бул тууралу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.

12.09.24

Ысык-Көл районунун Көк-Мойнок айылында Кыргызстандагы алгачкы шамал электр станциясынын курулушунун башталышы катары капсула салуу аземи болуп өттү.

10.09.24

Казакстанда жакында “Zoomlion” бренди менен тракторлор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору Өнөр жай жана курулуш министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.