- Подробности
01.06.24
Өзбекстандын Венгриядагы элчиси Ойбек Шахавдинов венгриялык “Meditop Pharmaceutical Ltd” фармацевтикалык компаниясынын башкаруучу директорлору жана негиздөөчүлөрү Дэвид Гресковиц жана Золтан Ач менен жолугушту. Ошондой эле компаниянын өндүрүш аянттарында жана илимий-өндүрүштүк лабораторияларында болуп, акыркы технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу “Dunyo” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
29.05.24
Казакстандын Мангыстау облусунун акими Нурдаулет Килыбай менен Түркиянын Актау шаарындагы башкы консулу Сабри Алптекин соода-экономикалык жана маданий-социалдык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу, акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
28.05.24
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түркмөнстан менен Казакстан жаңы газ кендеринде биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул тууралуу, Казакстандын Вице-премьер-министри жана Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуудан кийин билдиргендигин “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
27.05.24
Грузия Түркмөнстан газын өз аймагы аркылуу, Түркияга жеткирүү боюнча жаңы долбоорлорду колдойт жана жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу, Грузиянын Ашхабаддагы элчиси Константин Сабиашвили өлкөнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган билдирүүсүндө белгилеп өттү.
- Подробности
25.05.24
Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттер Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын маалыматтык системаларын интеграциялоого багытталган жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону аяктады.
- Подробности
23.05.24
Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим темир жол транспорту өлкө үчүн стратегиялык тармак экенин, аны өнүктүрүүгө 7,5 миллиард долларга жакын каражат бөлүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу, Тажикстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.05.24
Казакстандын Актау шаарында автоунааларды ташуу боюнча, Казакстан жана Кытайдын биргелешкен комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Ошентип, тарыхта биринчи жолу “Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия” маршруту боюнча “Курык” жана “Баку” деңиз порттору аркылуу товарды алгачкы жолу транзиттик автожол менен ташуу ишке ашырылып баштады. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.05.24
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушуу учурунда, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелердин потенциалын толук пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.05.24
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
22.05.24
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 22-майда Өзбекстанга расмий сапар менен келген Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш баштаган делегацияны кабыл алды.












