02.09.24

Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата “Янги Өзбекстан” паркында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Президент Шавкат Мирзиёев салтанатта сөз сүйлөп, өлкөнүн эгемендик өнүгүү жылдарында жетишкен ийгиликтерине токтолду. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

01.09.24

Президент Садыр Жапаров 30-август күнү  Кемин районундагы “Терек-Таш” цемент заводунун салтанаттуу ачылышында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө мамлекет башчы 2024-жылдын аягына чейин мамлекеттик бюджетти 650 миллиард сомго жеткирүү боюнча амбициялуу пландар ишке ашырыла тургандыгын белгилеп өттү. Бул тууралуу “Tazabek” маалымат кызматы билдирди.

01.09.24

30-августта Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Шохрух Гуламов менен Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаевдин жолугушуусу болуп өттү.

02.09.24

Казакстан 2025-жылы Каспий деңизинин түбүн бойлой Транскаспий була-оптикалык байланыш линиясын  тартуу долбоору аяктайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

01.09.24

Кыргызстан жана Түркмөнстан Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу жана андан ары Каспий деңизине чыгуучу Түркмөнстанга жаңы темир жол каттамы боюнча транспорт коридорун ишке киргизүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

01.09.24

Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркиянын курулуш өнөр жай тармагындагы эң алдыңкы компаниялардын бири “Өздоган Групп” курулуш компаниясынын ээси Али Өздоган менен жолукту.

18.07.24.

Чүй облусунун Москва районунда “Тулпар моторс” автоунаа чогултуучу заводунун расмий ачылышы өттү. Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жана UzAuto Motors компаниясынын башкы директору Бу Андерссон катышты.

15.07.24

2024-жылдын 11-июль күнү Түркмөнстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекан Ишангулыев жана Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серимдин жолугушуусу болуп өттү.

15.07.24

Үстүбүздөгү жылдын 15-июль күнү “Өзбекстан-Түркмөнстан” ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны болуп өттү.

10.07.24

Бухара шаарында Азербайжан жана Өзбекстандын кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, Азербайжандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.