01.09.23

Президент Садыр Жапаров 30-августь күнү,  Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган, Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

04.09.23

Өзбекстанда 296 мунай жана газ кени бар, алардын жалпы көлөмү 1,85 триллион куб метрге жетет.

04.09.23

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев парламенттин жаңы мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш аземинде салттуу кайрылуусун жасады.

30.06.23.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

22.06.23

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун Азербайжанга болгон расмий иш сапарынын алкагында, ал өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу,  “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

20.06.23

Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасында 2023-жылдын 15-17-июнь күндөрү,  Кыргызстан жана Түркмөнстандын ишкерлеринин жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

19.06.23

2022-жылы Казакстанга 1 миллионго жакын чет элдик турист келсе, 2023-жылы бул көрсөткүч 1,4 миллион кишиге чейин көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу, өкмөттүн жыйынында Казакстандын Маданият жана спорт министри Асхат Оралов билдирди.

16.06.23

Түркиянын “Ташяпы” компаниясы жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT)   Казакстанда курууну  пландоодо. Анын жүрүү багыты “Каскелен - Есик - Талгар - Алматы - Узынагаш” шаарларын бириктирмекчи.

17.06.23

Стамбул шаарында 2023-жылдын 15-16-июнь күндөрү жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында, Өзбекстан жана Түркиянын авиациялык администрацияларынын ортосунда консультациялык көрүшмө уюштурулду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

15.06.23

Өзбекстан 2030-жылга чейин 1 миллион даанага чейин автоунаа чыгарууну пландоодо. Өзбекстан автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө 1 миллиард доллар инвестиция салат.