- Подробности
06.01.24
Азербайжандын Мамлекеттик “SOCAR Turkiye Enerji” мунай компаниясынын Түркиядагы 17 жылдык ишмердүүлүгү мезгил ичинде, аталган өлкөгө жасаган инвестицияларынын көлөмү $18,5 миллиард доллардан ашкан.
- Подробности
09.01.25
Өзбекстандын Башкы консулдугунун көмөгү менен Өзбекстандын гигиеналык товарларын өндүргөн ишкананын экспорт менеджери Зикриёхон Маъмуров жана Кыргызстандын “Датка Холдинг” компаниясынын вице-президенти Дилноза Тавалдиеванын жолугушуусу, Кокон эркин экономикалык зонасында өттү. Жолугушуунун максаты өзбек продукцияларын Кыргызстанга экспорттоо маселелерин талкуулоо болду.
- Подробности
06.01.25
Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Түрк инвестициялык фондунун президенти Багдад Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
04.01.25
2027-жылы Өзбекстан жана Казакстанды жаңы темир жолу байланыштырат. Бул эки өлкө ортосундагы экспорттук жүк ташууларын бир топ көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
- Подробности
26.12.24
Үстүбүздөгү жылдын 11 айында “Кытай – Казакстан – Түркмөнстан – Иран” (ККТИ) маршруту боюнча жүк ташуулардын көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Казакстандын транспорт-логистикалык “KTZ Express” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
27.12.24
Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын улуттук энергетикалык компаниялары “Жашыл коридор бирикмеси” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча негиздөөчү келишимге кол коюшту.
- Подробности
26.12.24
Азербайжандын Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мүчө өлкөлөрү менен январь-ноябрь 2024-жылдар аралыгындагы товар жүгүртүүсү 6,3 миллиард долларды түздү.
- Подробности
20.12.24
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында башталат. Бул тууралуу, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.
- Подробности
23.12.24
Түркиянын “YDA” жана “ASFAT” компаниялары Каспий деңизиндеги Курык портуна жакын жерде кеме заводун курууну пландап жатышат. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министри Марат Карабаев билдирди.
- Подробности
21.12.24
2024-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,075 миллиард долларын түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.












