- Подробности
16.11.25
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциясын тереңдетүү багытындагы бир катар кадамдарды сунуштады. Бул тууралуу ал Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Жетинчи Консультативдик жолугушуусундагы сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
- Подробности
15.11.25
Казакстан жана Өзбекстан президенттери биргелешкен долбоорлордун ишке киргизүү аземине катышышты. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору билдирди. Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев видео-конференция режими аркылуу эки өлкөнүн биргелешкен долбоорлорун ишке киргизүү аземине катышышты.
- Подробности
13.11.25
Казакстандын Астана шаарында өткөн, Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки тараптуу сооданын динамикасы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Кыргызстандын Казакстан менен биргелешип ишке ашыруу үчүн сунуштап жаткан долбоорлорго токтолуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
11.11.25
Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин жыйынынын алкагында, Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асель Кененбаева жолугушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
07.11.25
Азербайжан Орто коридордун негизги катышуучуларынын бири болуп саналат жана дүйнөлүк логистикалык борборлордун жаңыдан калыптанып жаткан өлкөлөрүнүн катарына кирет. Бул тууралуу “Allianz Trade” (AT) компаниясынын отчетунда айтылат.
- Подробности
07.11.25
“Кытай – Ош – Савай – Сарахс – Тегеран” эл аралык мультимодалдык транспорттук коридорунун биринчи этабы алгачкы сыноо контейнер партиясын жөнөтүү менен башталды. Бул тууралуу Түркмөнстандын транспорт жана логистикалык борборунун (TULM) маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
07.11.2025
Түркиянын Туристтик агенттиктер ассоциациясы жана Өзбекстандын Фергана облусунун өкүлдөрү, туристтик агенттиктеринин жана тиешелүү уюмдардын катышуусунда жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандын Фергана облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңири тааныштырылып, бул тууралуу Фергана облусунун акиминин орун басары Нуриддин Мамаджонов маалымат берди.
- Подробности
04.11.25
Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын аралыгында өлкөгө 50 миллион чет элдик турист келген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 1,6% пайызга көпттүк кылат. Туризмден түшкөн киреше 50 миллиард долларды түзүп, 2024-жылга салыштырганда 5,7% пайызга өскөн.
- Подробности
04.11.25
Түркмөнстандын Аваза шаарында өткөн “CIET-2025” эл аралык конференциясынын алкагында, Түркмөнстандын энергетика тармагынын келечегине байланыштуу стратегиялык маанидеги билдирүү жасалды. Түркмөнстандын Энергетика министринин орун басары Сердар Сапаров Каспий деңизинин жээгинде заманбап жаңы электр станциясын куруу боюнча ири долбоордун ишке ашырылышы башталганын билдирди.
- Подробности
02.11.25
Өзбекстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин директору Абдулла Азизов Түркиянын “PRIMA” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.












