25.11.2025

Туркмөнстан экономикасына салынган казакстандык инвестициялардын көлөмү 120 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада шейшемби күнү Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр учурунда билдирди.

25.11.25

Өзбекстандын “IT Park Uzbekistan” стартаптарды өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча директору Эльёр Максудов жетектеген өкүлдөрү, Түркиянын “Aktif Bank”, “UPT” жана “Aktif Tech” компанияларынын мүчөлөрүнөн турган делегациясы менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.

21.11.25

Казакстандын Шымкент шаарында жылына 155 миң тонна помидор өндүрүүгө ылайыкташкан өлкөдөгү эң ири “Alsera kz” күнөскана комплекси ишке берилди. Бул тууралуу “EastFruit”. Күнөскананын инвестору Түркиянын агроөнөр жай “Alarko Holding” холдинги болуп эсептелет. Ачылыш аземине Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров, Түркиянын Түркстандагы Башкы консулу Левент Гюржан, “Alarko Holding” холдингинин башкармалыгынын төрагасы Иззет Гарих, Шымкент шаарынын акимчилигинин өкүлдөрү катышты.

21.11.25

Түркмөнстан жана Өзбекстан ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган “Шават – Дашогуз” биргелешкен чек ара соода аймагы пайдаланууга берилди. Бул окуя эки өлкөнүн лидерлеринин өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнү кеңейтүү багытында кызматташуусунун жыйынтыгы болуп саналат.

20.11.25

Өзбекстандын Футбол ассоциациясынын жетекчилери алдыңкы Түркиялык курулуш компаниялары болгон “KOC Construction” жана “Bahadir Kul Architects” өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жаңы борбордук футбол стадионун куруу долбоорун талкуулоо боюнча жолугушуу өткөрүштү.

20.11.25

Кыргызстандын Экономика министри Бакыт Сыдыков Бишкекте өткөн Борбордук Азия Аймактык экономикалык кызматташтык бизнес-форумунун алкагында, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана аларды тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.

19.11.25

17-ноябрда Казакстандын Тышкы иштер министри Ержан Көшербаев “Түрк инвестициялык” фондунун (ТИФ) президенти Багдат Амреев менен жолугуп, фонддун алкагындагы кызматташуунун жүрүшүн жана 7-октябрда Габалада өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 12-саммитинин жыйынтыктарын талкуулашты.

18.11.25

Түркиянын “Iskefe Holding” компаниясы, Казакстанда азык-түлүктүк желатин өндүрүүчү завод курууну пландап жатат. Бул инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселелерин Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров Түркиялык “Iskefe Holding”  компаниянын башкармалыгынын төрагасы Билял Алкоч менен талкуулады. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

14.11.25

Өзбекстандын Санариптик технологиялар министри Шерзод Шерматов телекоммуникация жана IT-технологияны ири иштеп чыгуучусу болгон Венгериялык “4iG” компаниясынын жетекчиси Гиллерт Ясай менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, Өзбекстан менен Венгриянын санариптик экономика, IT-аутсорсинг, телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана дата-борборлор боюнча кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

16.11.25

Ташкенттеги Конгресс борборунда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы менен өткөн саммитке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан Президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон жана Азербайжан Президенти Илхам Алиев катышты.