17.09.25.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда расмий сапар менен өлкөгө келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмазды кабыл алды. Тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, өзгөчө көңүлдү саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга, банк секторун өнүктүрүүгө жана инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө бурушту.

16.09.25

Кыргызстан жана Казакстандын “Кыргызаэронавигация” жана “Казаэронавигация” мамлекеттик ишканалары Алматы – Каракол шаарлары багыты боюнча Санташ ашуусу аркылуу жаңы аба трассасын ачуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация”  мамлекеттик компаниясынын басма сөз кызматы  билдирди.

16.09.25

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Шандор менен жолугушту. Бул тууралуу, Соода-өнөр жай  палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

08.09.25

2025-жылдын 7-сентябрда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында, регионалдык энергетикалык кызматташуу маселелери боюнча жыйын болуп өттү. Бул көрүшмөдө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жеткирүү тууралуу протоколго кол коюшту.

01.09.25

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленинское айылында жайгашкан “KG TEX”  жаңы тигүү фабрикасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

01.09.25

Анкара шаарында  27-август күнү Кыргызстан-Түркия соода боюнча жумушчу топтун экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестициялар улуттук агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

24.07.25

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжандык делегация менен жумушчу жолугушууну өткөрдү. Көрүшмө учурунда балык чарбачылыгы үчүн  комбикорм заводун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

21.07.25

Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Султан Ахматов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2024–2030-жылдарга карата өз ара сооданын көлөмүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу маселелерин талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

17.07.25

Кыргызстандын “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому Түркиялык бизнес өкүлдөрүнө, Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кепилдик түрүндөгү колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу фонддун төрагасы Малик-Айдар Абакиров, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мехмет Мустафа Кемал Окем менен жолугушуу учурунда билдирди.

26.06.25

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында IV Түрк Бизнес-Агрофоруму болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады. Форум түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик өкүлдөрүн, ишкерлерин жана агроөнөр жай секторунун адистерин бир аянтчага бириктирди.