- Подробности
11.11.24
Түркияда кыргызстандык жарандарды жергиликтүү эмгек рыногуна интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу келишим, Кыргызстандын Антальядагы башкы консулдугунун колдоосу менен 1-6-ноябрь күндөрү, Антальяга иш сапары менен барган Кыргызстандын Социалдык министрлигине караштуу, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун делегациясынын сапарынын жүрүшүндө жетишилди.
- Подробности
06.11.24.
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү.
Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:
1.Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммитинин Бишкек декларациясы;
2.Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими;
3.2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;
4.Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;
5.Түрк дүйнөсүнүн Уставын кабыл алуу чечими;
6. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
7.Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө чечим;
8.Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим.
Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;
2. Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;
3. Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
4.Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;
5. ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
6.ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Подробности
06.11.24.
Бишкек шаарында 6-ноябрь күнү президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити болуп өттү.
- Подробности
05.11.24.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
- Подробности
05.11.24.
Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
- Подробности
10.25.24
Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду, президенттин орун басарлары жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте Өзбекстандагы эң ири автотранспорт көргөзмөлөрүнүн бири “Automechanika Tashkent 2024” көргөзмөсүндө болушту.
- Подробности
18.10.24
Бишкекте Түрк мамлекеттеринин (ТМУ) Экономика жана соода министрлеринин 13-жыйыны жана ушул уюмдун экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу тобунун 15-жыйыны өттү.
- Подробности
18.10.24
18-октябрда Бишкекте эки тараптуу, Кыргызстан-Түркия саясий консультациялары өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
18.10.24
2019-2023-жылдары Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62% пайызга өскөн. Бул тууралуу, 18-октябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Соода жана экономика министрлеринин 13-жыйынында жана аталган уюмдун Экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу тобунун 15-жыйынында, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
- Подробности
17.10.24
Түрк инвестициялык фонду 2025-жылдын январь айынан тарта Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдө ири биргелешкен долбоорлорду каржылай баштайт. Бул тууралуу, Стамбулда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк соода жана өнөр жай палаталарынын форумунун алкагында өткөн, Түрк мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын жыйынында айтылды. Бул тууралуу, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.












