23.09.24

Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча саммити 2024-жылдын 9-10-октябрында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу, Кыргызстандын  Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

19.09.24

“Венгер-кыргыз” фондунун уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу, 19-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын Экономика жана тышкы иштер министри Петер Сиярто менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

09.16.24

Бишкекте 16-сентябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдүн Энергетика министрлери энергетика тармагындагы кызматташуу жана аймактык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну талкуулашты.

12.09.24

Ысык-Көл районунун Көк-Мойнок айылында Кыргызстандагы алгачкы шамал электр станциясынын курулушунун башталышы катары капсула салуу аземи болуп өттү.

01.09.24

Кыргызстандын экономикасы көрсөткөн өсүү темптерин эске алуу менен бийлик өкүлдөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн жана болжолун кайра карап чыгышты. Бул тууралуу, журналисттерге Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

03.09.24

Кыргызстандын  “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому (ААК) менен “Азербайжан-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун ортосунда 3-сентябрь  күнү ишкердик субъекттерин колдоо жаатында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.

01.09.24

Президент Садыр Жапаров 30-август күнү  Кемин районундагы “Терек-Таш” цемент заводунун салтанаттуу ачылышында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө мамлекет башчы 2024-жылдын аягына чейин мамлекеттик бюджетти 650 миллиард сомго жеткирүү боюнча амбициялуу пландар ишке ашырыла тургандыгын белгилеп өттү. Бул тууралуу “Tazabek” маалымат кызматы билдирди.

01.09.24

Кыргызстан жана Түркмөнстан Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу жана андан ары Каспий деңизине чыгуучу Түркмөнстанга жаңы темир жол каттамы боюнча транспорт коридорун ишке киргизүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

01.09.24

Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркиянын курулуш өнөр жай тармагындагы эң алдыңкы компаниялардын бири “Өздоган Групп” курулуш компаниясынын ээси Али Өздоган менен жолукту.

18.07.24.

Чүй облусунун Москва районунда “Тулпар моторс” автоунаа чогултуучу заводунун расмий ачылышы өттү. Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жана UzAuto Motors компаниясынын башкы директору Бу Андерссон катышты.