18.10.24

2019-2023-жылдары Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62% пайызга өскөн. Бул тууралуу, 18-октябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ)  мүчө өлкөлөрдүн Соода жана экономика министрлеринин 13-жыйынында жана аталган уюмдун Экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу тобунун 15-жыйынында, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

17.10.24

Түрк инвестициялык фонду 2025-жылдын январь айынан  тарта Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдө ири биргелешкен долбоорлорду каржылай баштайт. Бул тууралуу, Стамбулда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк соода жана өнөр жай палаталарынын форумунун алкагында өткөн, Түрк мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын жыйынында айтылды. Бул тууралуу, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

16.10.24

Кыргызстандын Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

16.10.24

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Пакистанга келерки жылы товар жүгүртүүнү 100 миллион долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады. Бул демилгени ал Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен жолугушууда учурунда көтөрдү.

09.10.24

Түркиянын “Baykar Technology” компаниясынын техникалык директору, Сельчук Байрактар,  Бишкекте  9-10-октябрда өтүп жаткан, Түрк мамлекеттеринин жасалма интелект боюнча форумуна катышты.

09.10.24

Кыргызстандын президенти, Садыр Жапаров 9-октябрь күнү “Baykar Technology” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды.

07.10.24

Кыргызстандын туроператорлору ушул жылдын 23-ноябрында өтө турган 29-Ташкент эл аралык туристтик жарманкеге (TITF-2024) катышууга чакыруу жолдомосун алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбекстан Республикасынын Экология, айлана чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү министрлигинин Туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

07.10.24

“Билим Бишкек” долбоорун ишке ашыруу үчүн реконструкцияланып жаткан имарат студенттерди кабыл алууга даяр. Бул тууралуу “Кыргызпатент” билдирди.

24.09.24

Бишкек шаарынын “Манас” эл аралык аэропортунда 24-сентябрда,  Кыргызстандын туристтик потенциалын таанытуу максатында келген, белгилүү Түркиялык блогерлер менен салтанаттуу жолугушуу иш чарасы  болуп өттү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

23.09.24

Бишкекте Кыргызстандын жана Венгрия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Петер Сияртонун төрагалыгы алдында “Кыргызстан-Венгрия” стратегиялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.