- Подробности
09.12.2024
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында, Кыргызстан Түркияда жана коңшу өлкөлөрдө соода миссиясын өткөрүүнү пландап жатат. Бул чечим Түркиядагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү менен “Кыргызэкспорттун” ортосунда кызматташуу боюнча өткөрүлгөн видеоконференциянын алкагында кабыл алынды. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
03.12.24
Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Чынгыз Токтобеков Түркиянын “Ünal Kuruyemiş” компаниясынын негиздөөчүсү Өмер Фарук Эрбил менен жолугушту. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
02.12.24
Түркиянын Статистика институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү октябрь айында акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти.
- Подробности
01.12.24
“Кыргызалтын” акционердик коомунун (ААК) (мамлекеттик үлүшү 100%) делегациясы, Ташкент шаарында эки күндүк иш сапарынын алкагында, Өзбекстандын алдыңкы зер буюмдар заводдорунун технологияларын изилдеп келишти. Бул сапар, Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдындагы соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
27.11.2024
Венгриянын элчилиги маалымдагандай, 2024-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында “Венгрия-Кыргызстан” айыл чарба форуму болуп өттү.
- Подробности
27.11.24
Кыргызстандын Энергетика министри Талайбек Ибраев эл аралык компаниялар менен инвестициялык макулдашууга кол койду. Бул тууралуу, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
27.11.24
Кийинки 2025-жылы Сокулук районунун аймагында, кыргыз бренди менен унааларды өндүрө турган завод ишке киргизилет. Бул тууралуу 27-ноябрда, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай саясаты башкармалыгынын башчысы Арслан Базиев радио эфиринде маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда завод курулуп жатат.
- Подробности
17.11.24
Кыргызстандын туристтик компаниялары, Түркиядагы жыл сайын өтүүчү туризм тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири болгон “TravelEXPO Ankara” көргөзмөсүнө катышууда. Бул иш-чара 14-ноябрда башталып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, көргөзмө 17-ноябрга чейин уланат.
- Подробности
19.11.24
“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун (ААК) башкы директору Алтынбек Рысбеков кабелдик продукция жана электр жабдууларын өндүргөн бир катар Азербайжандын заводдорунун ишмердүүлүгү менен таанышып келди. Бул тууралуу, аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
14.11.24
2024-жылдын үч кварталынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан Түркиядан дээрлик $1 миллиард долларга жакын товар импорттоду. Бул маалыматты Түркиянын Статистика институту жарыялады.