03.03.25

Бишкекте Түркиянын бизнес делегациясына, Кыргызстанды тааныштыруу сапарынын алкагында, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. Анын жүрүшүндө, Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Түркиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

25.02.25

Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Биринчи вице-премьер-министри Данияр Амангельдиев Венгриянын Улуттук экономика министри Мартон Надь менен жолугушту.

24.02.25

Казакстанга расмий иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

24.02.25

31-мартта Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын тарыхтагы алгачкы үч тараптуу саммити өтөт. Бул тууралуу, Женевада өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясында, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди.

13.02.25

Кыргызстанга акыркы эл аралык рейтингдерге ылайык, болжол менен 2 миллиард доллар түз чет элдик инвестиция тартылды. Бул тууралуу, Биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев жыйын учурунда билдиргендигин  “Tazabek” маалымат кызматы жазып чыкты.

18.02.25

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы Венгриянын элчиси Шандор Дороги менен жолукту. Көрүшмө  учурунда, эки тараптуу кызматташуунун динамикалуу өнүгүп жатканы белгиленди. Акыркы жылдары өз ара саясий диалогдун туруктуулугу жана экономикалык байланыштардын жигердүү өнүгүшү менен көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

18.02.25

Анкарада 14-февралда, Кыргызстанда технопарк куруу маселесине арналган жолугушуу болуп өттү. Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөргө өнөр жайды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, анын ичинде экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү жана Түркиянын ири технопарктарынын бири  болгон “Bilkent CYBERPARK” компаниясынын башкы директору Фарук Иналтекин катышты.

17.02.25

Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Түркиянын Өнөр жай жана технологиялар министринин орун басары Мухаммет Касым Генуллю менен жолугушту. Жолугушуу учурунда, тараптар өнөр жай тармагында эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

14.02.25

Түрк инвестициялык фонду быйыл май-июнь айларында алгачкы долбоорлорду каржылоону баштоону пландаштырууда.

14.02.25

Кыргызстандын Жогорку Кеңешининр Түркия менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси Алишер Козуев 13-февралда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын “Кыргызстан-Түркия” достук парламенттик тобунун жетекчиси Юсуф Беязыт баштаган делегация менен жолугушту.