- Подробности
13.11.24
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылдын 13-ноябрында, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, транспорт жана коммуникациялар агенттигинин директору Мамметхан Чакыев менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
- Подробности
06.11.24
Бишкек шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жолугушуусу болуп өттү. Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, өзгөчө туризмди өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
11.11.24
Түркияда кыргызстандык жарандарды жергиликтүү эмгек рыногуна интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу келишим, Кыргызстандын Антальядагы башкы консулдугунун колдоосу менен 1-6-ноябрь күндөрү, Антальяга иш сапары менен барган Кыргызстандын Социалдык министрлигине караштуу, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун делегациясынын сапарынын жүрүшүндө жетишилди.
- Подробности
06.11.24.
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү.
Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:
1.Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммитинин Бишкек декларациясы;
2.Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими;
3.2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;
4.Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;
5.Түрк дүйнөсүнүн Уставын кабыл алуу чечими;
6. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
7.Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө чечим;
8.Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим.
Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;
2. Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;
3. Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
4.Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;
5. ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
6.ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Подробности
06.11.24.
Бишкек шаарында 6-ноябрь күнү президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити болуп өттү.
- Подробности
05.11.24.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
- Подробности
05.11.24.
Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
- Подробности
10.25.24
Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду, президенттин орун басарлары жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте Өзбекстандагы эң ири автотранспорт көргөзмөлөрүнүн бири “Automechanika Tashkent 2024” көргөзмөсүндө болушту.
- Подробности
18.10.24
Бишкекте Түрк мамлекеттеринин (ТМУ) Экономика жана соода министрлеринин 13-жыйыны жана ушул уюмдун экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу тобунун 15-жыйыны өттү.
- Подробности
18.10.24
18-октябрда Бишкекте эки тараптуу, Кыргызстан-Түркия саясий консультациялары өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.